жылуу I 1. тепло, теплота; ток жылуусун ээси билет погов. теплоту шубы (насколько она тепла) знает её хозяин; жылуу эт парное мясо; 2. перен. тёплый, приятный; ласковый; жылуу кабар приятное известие; жылуу сөз тёплое, ласковое, приятное слово; жылуу суйлө- говорить ласково, приятно; жылуу-жылуу сүйлөсө, жылан ййинден чыгат погов. если ласково говорить, (то и) змея из норы вылезет; жылуу жылмайды он приятно улыбнулся; жылуу тосуп ал- тепло встретить; 3. перен. душа; 4. перен. гнездо; жагалмай учту жылуудан фольк. кобчик вылетел из гнезда; жылуу ордун суут- или жылуу ордунан козго- сорвать (кого-л.) с насиженного места. жылуу II и. д. отжыл- II; кыйын иш - алга жылуу жалгыз кадам стих. сделать (первый) шаг вперёд - трудное дело.
Iсын. 1. Жылуулук илеби бар, муздак эмес. Балдар эчак жылуу төшөктө («Ала-Тоо»). Жаш туулган козулар өзүнчө жылуу купкеде (Жантөшев).Жылуу суу. Күн жылуу болду. 2.өт. Жамгымдуу, мээримдүү, ырайымдуу. Жылуу мээрим менен Сабийра Динардын маңдайынан өптү (Сыдыкбеков). Мугалим балдарга жылуу жүз менен жылмая карады (Сыдыкбеков).
¨ Көзүнөжылууучуроожеөңүжылууучуроо — тааныш өңдөнүү, мурда бир жерден көргөндөй болуп сезилүү. Жылууорун — турак алып, үйрөнүп калган жай, жер. Жылуу ордунда калып, өз оокаттарын жүргүзүп жатышат («Чалкан»).
ЖЫЛУУIIжылы этишинин кыймыл атоочу.
Азыркы жылуу деген сын атоочту жылы+уу морфемаларына ажыратуу – жаңылыштык. Антип ажыратуу жылуу деген кыймыл атоочко гана ылайык келет. Жылуу сын атоочу жылы+к курамынан пайда болгонун ысык-жылык тамак дегенге салыштырып аныктоого болот. Ысык сөзү ысы этишине сын атооч жасоочу -к мүчө жалганып жасалган сыяктуу эле, жылы этишине -к мүчөсү уланып, жылык сын атоочу пайда болгон. Бирок ошол к тыбышынын өнүгүшү экөөндө бирдей болгон эмес. Ысык деген сөздө анын өзгөрбөй калган түрү басымдуу колдонулат. Ал эми ошол к тыбышынын үндүүгө өтүшүнөн пайда болгон ысуу түрү ысуула (<ысуу+ла) деген учурда гана айтылат. Тескерисинче, алгачкы жылык түрү ысык-жылык тамак деген учурда гана айтылып, демейде андан келип чыккан жылуу түрү колдонулат.
1. Ысык менен муздактын орто жериндеги температура, жылуулугу бар. Боз түшкөн ысыгың бар, суугуң бар, Жаанчыл, салкының бар, жылууң бар (Осмонов). Күн ачык, айлана мемиреп жылуу (Абдумомунов). 2. Анчалык ысык эмес, бирок таптакыр сууп да калбаган. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн (Токомбаев). 3. Жылуулукту сактаган, үшүтпөгөн, суук өткөзбөгөн. Жибердик кийим, ызгаарда, Кийсеңер жылуу тон болсун (Осмонкул). 4. өт. Жайлуу, орунтуктуу, жайланышып үйрөнүп калган, көнгөн. Жылуу ордуман козгобо,– деди атам (Ала-Тоо»). 5. өт. Мээримдүү, ырайымдуу, сүймөнчүлүктүү, жагымдуу, уккулуктуу, жүрөккө жакын. Мугалим балдарга жылуу жүз менен жылмая карады (Сыдыкбеков). Жумшак тил, жылуу сөз угуп, Энеке, сенден көөнүм ток (Токтогул). Жылуу тийген жүрөккө, Сөздөрү ай бозойдун! (Турусбеков).
Ырайымдуу, мээримдүү мамиле, ылым санагандык. Ал инисин жылуу жүз менен каршы алды (Бердикеев). Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев).
Ырайымдуу, мээримдүү мамиле. Ал инисин жылуу жүз менен каршы алды (Бердикеев). Ал жигит балыкчыларга боор тарткансып жылуу жүз көрсөтүп турар эле (Укаев).
зат.1. Бир нерседен чыккан жылуу илеп, бир нерсенин жылыган абалы. Күндүн жылуулугу. Оттун жылуулугу. 2.өт.Жагымдуулук, ырайымдуулук, мээримдүүлүк. Анын айткан сөзүндө, кубанчында кандайдыр бир жылуулук бардыгын Карып сезди (Жантөшев).
жылуулук, жылуулугу, жылуулукка жылуулук алкактары жылуулук берүү жылуулук машинасы жылуулук өткөргүчтүк жылуулук уюлдары жылуулук физикасы жылуулук электр борбору (ТЭЦ) жылуулук электр станциясы жылуулук энергетикасы
1. Атом, молекула ж. б. сыяктуу эң майда бөлүкчөлөрдүн баш аламан кыймылынан жана алардын ысышынан пайда болгон энергиянын түрү. Жылуулуктун механикалык эквиваленти. Салыштырма жылуулук. 2. Кандайдыр бир нерсенин ысуусунан бөлүнүп чыккан тап, жылуу илеп, температура, кызыган аба. Күндүн жылуулугу Оттун жылуулугу. 3. өт. Жагымдуулук, сүйкүмдүүлүк, ырайымдуулук, мээримдүүлүк, жүрөккө жакындык. Анын айткан сөзүндө кандайдыр бир жылуулук бардыгын Карып сезди (Жантөшев).
к. ЖЫЛУУ ОРДУН СУУТУУ
Эч нерсе билбеген үчүн жыргап жаткан жылуу ордубуздан козгоп, оолап отурабыз, - деген Мария (Ашымбеков). Менин көзүм жумулуп кетсе ошондо алып кетесиңер. Аңгыча жылуу ордунан козгобогула буларды (Өмүрбаев).
Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев). В.: Жылуу ордунан козгоо. Эч нерсе билбеген үчүн жыргап жаткан жылуу ордубуздан козгоп, оолап отурабыз, – деген Мария (Ашымбеков). Менин көзүм жумулуп кетсе ошондо алып кетесиңер. Аңгыча жылуу ордунан козгобогула буларды (Өмүрбаев).
Үйүр алышып, үйрөнүшүп көнүп калган жеринен кетип калуу, орун алган, жакшы турган жеринен ажырап калуу. Сен деп жүрүп, жылуу ордумду сууткамын («Ала-Тоо»). Анын ошол бир гана ооз сөзүндө жылуу ордун суутуп, ушул күнгө тушуктурган кишилерге арткан дооматы бардай сезилди (Ашымбаев).
ЖЫЛУУ-СУУ — топоним, Орго канды жеңгенден кийин Манастын колу өргүп жаткан жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 92). Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн күн чыгышындагы Аксуу - Арашан аймагы.
move handle (noun)
A handle that is displayed on some objects such as toolbars, tables, or on individual rows or columns, that allows the user to drag them to another location.
Тааныштай, мурда бир жерден көргөндөй, көрүп-билип жүргөндөй сезилүү, бүшүркөө. Жерде жаткан кылычтын сабындагы белги Оросулга жылуу учурады (Осмоналиев).