этиш.1. Жылуу абалга келүү, жылынуу. Күн жылыгандан жылыды. Топурак жылып, жан-жаныбарлардын тиричилиги башталды (Сыдыкбеков).
2.өт. Жакшы мамиле кылуу, ийүү, ыраазы болуу, эрүү. Баласын эркелетип жакшы көргөн адамга кимдин ичи жылыбасын! (Убукеев). Тоо куштары үн салышып сайраса, Жүрөк жылып күүгө толот айланаң (Осмонкул).
¨ Чекесижылыбоок.чеке. Ичижылуук.ичI.
теплеть, становиться тёплым; күн жылыды погода потеплела; анын айткан сөзүнө ичим жылыды его слова явились для меня целительным бальзамом; андан чекең жылыбайт от этого тебе мало будет радости; Самтырдын да Саадатка ичи жылый түштү и Самтыр почувствовал к Саадату симпатию; алдым жылыса, аркам жылыган эмес моё положение было серёдка на половинке (если одно хорошо, то другое плохо).
1. Тап, илеп, ысык аба, күн нуру өтүп ж. б. жылуу болуу, жылуу абалга келүү. Күн жылыды, жаз келди (Баялинов). Жаткандан кийин көпкө жылыган жок (Байтемиров). 2. Мээрим төгүү, сүймөнчүлүк, жакшы көрүү сезими пайда болуу, ийигүү. Айткан сөзүнө жылыбадым (Мидин). Тоо куштары үн салышып сайраса, Жүрөк жылып күүгө толот айланаң (Осмонкул).
сын.1. Даамы жок, жегиликсиз, бир аз жылып, даамы бузулуп калган.
2.өт.Астыртан, жашырын, тымызын жүрүп жаман иш иштеген. — Ушул сыяктанып желип-жортуп жүргөн жылымчылар капкайдагыны билет.
этиш. Отко, тапка кактануу, өзүн, өзүнүн денесин жылытуу; жылуу болуп калуу. [Батыш].. жедеп үшүгөндө үйгө кирип жылынат (Байтемиров).
Алоолонгон жалынга жылынып жатышты («Советтик Кыргызстан»).
Отко, тапка кактануу, денесин жылытуу. Нурбайлар бир түзөңгө токтоп, от жагып жылынып, тамактанышты (Баялинов). Батыш жедеп үшүгөндө үйгө кирип жылынат (Байтемиров).
понуд. отжылы- нагревать, согревать; суу жылыт- согреть воду; ичими жылытып турасың ты мне симпатичен; ушул көз карашында ич жылытар сүйкүм, жылуулук бар в этом (его) взгляде есть возбуждающая симпатию теплота; бой жылытчу кеп приятное слово, приятная речь; тизе жылыт- см.тизе.
Бир нерсеге же бир ишке куру бекер дем байлаган, көтөрүлүп, мактанган адамга карата «ошондой кыйын болсо, олуя болсо, укмуш болсо да, көрөрбүз» деген сыяктуу мааниде колдонулат. Жылы төө болсо, аткарбай көрүшсүн, эмне кылар экенмин! – деп борс-борс күлдү («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге же бир ишке куру бекер дем байлаган, көтөрүлүп, мактанган адамга карата «ошондой кыйын болсо, олуя болсо, укмуш болсо да, көрөрбүз» деген сыяктуу мааниде колдонулат. Жылы төө болсо, аткарбай көрүшсүн, эмне кылар экенмин! - деп борс-борс күлдү (Ала-Тоо).
жылыш I и. д. отжыл- II продвижение, сдвиг; илгери карай жылыш жасашты они продвинулись вперёд. жылыш- II взаимн. отжыл- II; карындашым Айчүрөк, касиеттен жылыштың фольк. моя сестричка Айчурек, лишилась ты (своих) достоинств. жылыш- III взаимн. отжылы-.
Iзат.1. Бир орунда туруп калбастан алга жылгандык, илгерилегендик.
2.Оңоло баштагандык, жакшы боло баштагандык; ийгилик. Оорунун жылышы барбы? Ар күнү, ар бир иште илгери жылышыбыз бар (Убукеев). Көргүлөчү биздин алга жылышты, Күчөтөбүз дал ушинтип жумушту (Осмонкул).
ЖЫЛЫШIIэтиш. Бир орундан экинчи орунга жылуу, орун алмашуу. Жылышып отургулачы. Өйдөрөөк жылышып койгулачы.
1. Илгерилөө абалы, алга кетүүчүлүк, ийгилик, өзгөрүш. Баштагыга караганда эбегейсиз жылыштар экендигине талаш жок (Байтемиров). Ар бир жылы колхоз өзүнчө жылыштарга ээ болуп өнүгүп-өстү, чыңалды (Убукеев). 2. Оорусунан айыга баштаган, оңоло баштаган абал. Сыркоологонума үч жума болду, эч бир жылыш жок («Ала-Тоо»).
float (noun)
A data type that holds floating-point number data from -1.79E + 308 through 1.79E + 308. float, double precision, and float(n) are SQL Server float data types.
этиш.1. Бир орунда, бир калыпта туруп калбастан, акырындап жылуу, илгерилөө, жылыш жасоо. Жылыштап жүрүп олтуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). Качып барып Турпандан, Кайта келдик жылыштап («Жазгыч акындар»).
2. Оңолуу, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап оңолуп келатат.
1. Ордунан жылуу, козголуу, акырындап жыла берүү, ооп кетүү. Жылыштап отуруп терезенин түбүнө жеттим (Касымбеков). Жылыштап жүрүп отуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). 2. Айыга баштоо, жөнүгүү, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап келатат.