Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир орунда, бир калыпта туруп калбастан, акырындап жылуу, илгерилөө, жылыш жасоо. Жылыштап жүрүп олтуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). Качып барып Турпандан, Кайта келдик жылыштап («Жазгыч акындар»).
2. Оңолуу, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап оңолуп келатат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ордунан жылуу, козголуу, акырындап жыла берүү, ооп кетүү. Жылыштап отуруп терезенин түбүнө жеттим (Касымбеков). Жылыштап жүрүп отуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). 2. Айыга баштоо, жөнүгүү, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап келатат.