ЖЫЛЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тап, илеп, ысык аба, күн нуру өтүп ж. б. жылуу болуу, жылуу абалга келүү. Күн жылыды, жаз келди (Баялинов). Жаткандан кийин көпкө жылыган жок (Байтемиров). 2. Мээрим төгүү, сүймөнчүлүк, жакшы көрүү сезими пайда болуу, ийигүү. Айткан сөзүнө жылыбадым (Мидин). Тоо куштары үн салышып сайраса, Жүрөк жылып күүгө толот айланаң (Осмонкул).