1. волнистый (о короткой шерсти новорождённого ягнёнка); мерлушка с короткой шерстью;
2. перен. (о человеке) непостоянный, изменчивый; лживый, лгунишка.
зат. Убактына жетпей эрте туулган, ара туулган козунун тармал боло элек териси. Атабек ара туулуп өлгөн козунун жылбырска кара терисин берди (Жантөшев).
жылбырска (козунун териси)
Убагы жетпей туулган козу-улактын териси жылбырска аталат. Бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо зулбаска (МРС, 204) сөзү кыргыз тилине кабыл алынганда с тыбышынын алдына р тыбышы ашыкча кошулган. Кыргыз тилинде жылбыска түрү да кезигет. Ал түрү моңголчо оригиналына жакындык кылат.
1. Жылтырак келген, жылма келген кыска (чач, жүн жөнүндө). Айымкан баласынын жылбырска кара чачын сылагылайт (Осмоналиев). 2. Ара туулган, ичтен өлүү түшкөн малдын төлүнүн жүнү өтө кыска териси. Атабек ара туулуп өлгөн жылбырска кара козунун терисин берди (Жантөшев).