ЖЫЛБЫРСКА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаУбагы жетпей туулган козу-улактын териси жылбырска аталат. Бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо зулбаска (МРС, 204) сөзү кыргыз тилине кабыл алынганда с тыбышынын алдына р тыбышы ашыкча кошулган. Кыргыз тилинде жылбыска түрү да кезигет. Ал түрү моңголчо оригиналына жакындык кылат.