Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылтылдап көрүнгөн, жылтырак, жылтырап көрүнгөн. Кундуздай жылтыр чачынын карасынан агы көбөйүптүр (Сыдыкбеков). Манапбайдын жылтыр кара өтүгүн карады (Сыдыкбеков). 2. өт. Колдогу нерсенин эң жакшысы, мыктысы, алгылыктуусу. Бар оокатынын жылтырын Шарипке сактай турган (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылт-жылт этүү, өңү, бети жылтылдап, чагылышып көрүнүү. Парталар жылтырап таптаза (Сыдыкбеков). Жеңил машинанын жону жылтырап күнгө чагылышты (Сыдыкбеков). 2. Атоочтук формада: Колдогу оокаттын, нерсенин эң түзүгү, алгылыктуусу. Жылтыраганынын бардыгын ага сарп кылды. (Сыдыкбеков). жылтыраган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ташка чыккан шыбактын бир түрү жылтыркан аталат. Анын жалтыркан варианты да бар. Бул сөз жалбырагынын жылтыраган түсүнө карата айтылышы мүмкүн. Жылтыр сөзүнө -кан мүчөсү уланган. Мындай мүчө өсүмдүктөрдүн атын билдирүүдө кеңири пайданылат. Мисалы: балтыркан, караган ж. б.