Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бири бирине өч, бири-бири менен келише албаган, өз ара каршы, жактырбаган. Экөөнүн башынан жылдызы каршы («Ала-Тоо»). Эмне үчүн мага жылдызы каршы кишини жаныма отургузасың (Сыдыкбеков). Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрүшкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов).