ЖЫЛАН ЧАКПАЙ, ЖЫЛКЫ ТЕППЕЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадири Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»). В.: Жылкы теппей, жылан чакпай. Жылкы теппей, жылан чакпай эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын үйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев). Жылкы теппей, жылан чакпай эмне болуп кетти сага? (Бердикеев).