Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узатасынан улам төмөндөп тилкеленип кеткен кокту, суу, сел жүрүп салааланып кокту болуп кеткен нуктуу жер, тоодогу салаа тартып тармактанып узатасынан кеткен кууш өрөөн. Муздак булак жылгадан, Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев). Жылганын ичинде таштан ташка, тийип, мөңкүп аккан көк кашка суу бар (Баялинов). Андрейдин үйү ушунун ары жагындагы жылгада болуучу (Байтемиров). 2. Тилкеленип же жол-жол болуп кеткен из. Аттардан жылга-жылга тер кетти (Айтматов). Жондоно кеткен жылгалар. Кургакта калган балыкпы? (Жаркынбаев).