1. в разн. знач. звезда; Сары жылдыз (или Саржылдыз) Венера (звезда); саржылдыздай маңдай светозарное чело (букв. подобное Венере); куйруктуу жылдыз разг.то же, чтокомета; жылдыз толгондо или жылдыз толо или жылдыз толуп поздно ночью; когда наступает ночь; жылдыз оңдо- или жылдыз оңдот- предсказывать по звёздам; предпринимать что-либо, сообразуясь с расположением планет; жылдызыңды оңдотуп, бүгүндөн калбай жөнөгүн фольк. сообразуясь с состоянием своей звезды, сегодня же отправляйся; ушу бүгүн, абаке, жылдызым мага оң эле фольк. вот сегодня, дед, моя звезда удачлива; баары-жогу он болду, жылдызына оң болду фольк. всего их стало десять, звезда их предвещала удачу; аттанар бүгүн кез эмес - жылдызга каршы күн эле фольк. сегодня не время отправляться в путь - день, противопоказанный звездой; Кызыл Жылдыз ордени орден Красной Звезды; жылдызым! ласк. моя звёздочка!, моя путеводная звезда!; 2. перен. (о человеке) симпатичный, приятный; жылдызы экен адамдын, ким жактырбайт мындайды? фольк. он приятнейший из людей, кому же такой не понравится? жылдызы жанган жигит красивый парень; аким болуп кыргызга, абырактуу бул Сейтек, арбагы кетти жылдызга фольк. когда стал правителем киргизов этот славный (богатырь) Сейтек, его авторитет стал ещё больше; жылдызы артык (о человеке) 1) счастливый, удачливый; 2) миловидный; жылдызы каршы они между собой во вражде; жылдызы түштү или жылдызы өчтү он потерял свой авторитет; он в подавленном состоянии, очень опечален (букв. его звезда закатилась); жылдыздары жерге түшүп, калың ойго киришти они опечалились и глубоко задумались; жылдызын өчүрүп сильно опечалившись; кыргызың азыр жылдызда фольк. киргизы теперь счастливы (букв. на звезде); жылдыз-жылдыз дыра на дыре, в дырах, рваный (напр. об одежде); жылдызы ысык то же, чтожылдыздуу 2.
зат.1. Түнкүсүн адамдын көзүнө жарык чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Жылдызын санап асмандын Жылкыда жүрүп какшандым (Бөкөнбаев). Жылдыздар жымың-жымың этишет.
2. Үч бурчтук түрүндө болгон учтуу жактары бар геометриялык фигура; ушундай формадан турган значок; ордендин же башка сыйлыктын ушундай формадагы белгиси. Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул).
3. өт. Көрктүүлүк, жагымдуулук, жаркылдаган жайдары көрүнүш. Жылдызы жанган жигит. Адамдын жылдызы эле го!
¨ Жылдызыысык — мээримдүү, жагымдуу, сүйкүмдүү. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаа, Ошондо окко алдырдым («Манас»). Жылдызыжергетүшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу. Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарды (Бейшеналиев). Жылдызыкаршыболуу — жаман көрүү, жактырбоо, каршы болуу.
жылдыз жылдыз гүл жылдыз жааны жылдыз кама (зоол.) жылдыз курт жылдыз төлгө жылдыз тумшук (көр чычкан) жылдыз чөп жылдызы жануу жылдызы жарык жылдызы жерге түшүү жылдызы жоктук жылдызы каршы жылдызы өчүү
ЖЫЛДЫЗ — топоним, көп варианттарда кезигет. Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчкөнүндө «Баштап кыпчак кыргызды, Басып өтүп Жылдызды» (Сагымбай Орозбаков, 2. 160), Үрбүнүн колу андан өткөнү айтылат. Географиялык реалия катары Ж. (Юлдус, йулдуз) Синьцзяндагы суу, ойдуң (Чоң жана Кичи Ж.) Чыгыш Тянь-Шань тоо түркүмүндө жайгашкан.
1. Түнкүсүн жаркыраган чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Асмандын бетин бербей жайнаган сансыз жылдыздар да жылдыздардын арасында жаркыраган ай да жарыгын төгөт (Байтемиров). 2. Айланадан бирдей аралыкта жанаша жайланышкан учтуу урчуктары бар жылдыз сымал геометриялык фигура; ошондой формадагы значоктун, ордендин белгиси. Акылбектин төшүндө, Кызыл жылдыз жаркырап (Нуркамал). Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). 3. өт. Адамды өзүнө тарткан сүйкүмдүүлүк, мээрим. Жылдызы экен адамдын, Ким жактырбайт мындайды («Курманбек»). || Көбүнчө балдарды эркелеткенде, сүйгөндө мээримдүү, сүйкүмдүү деген мааниде айтылуучу сөз. Алдей, алдей алдей ай, Таңкы чолпон жылдызым (Токомбаев). Жакшы түш көрүп жат, жылдызым,– деди Гүлайымга Алыкул (Абдукаримов). 4. өт. Белгилүү, таанымал, көрүнүктүү, кадыр-барктуу, Жакшы уул – көктөгү жылдыз, жакшы кыз – жакадагы кундуз. Ааламында жаркыраган, жайнаган, Айтматовдун чыгармасы – бүт Жылдыз (Акматалиев).
~: суу жылдыздап кирди вода сильно разлилась, вода затопила всё; туура кечип өтпөгөн жылдыздаган көп сазы стих. много там окончатых болот, которые напрямик не перейдёшь.
понуд. отжылдызда-; тутууларын жылдыздатып, жаккан отун сан жеринен көрсөтуп турган алачык огонь, просвечивающий через многочисленные отверстия маленькой юрты.
1. звёздный, со звездой или со звёздами; 2. перен. приятный, симпатичный; миловидный; жылдыздуу жүз миловидное лицо; жылдыздуу бала приятный, славный ребёнок; жылдыздуу мал скот, на который приятно смотреть; жылдыздуу кыймыл грациозные движения; сөздөрүнө ыраазы болгондой жылдыздуу гана жылмайды как бы выражая своё удовлетворение от его слов, он приятно улыбнулся; 3. перен. счастливый; жылдыздуу балалык счастливое, радостное детство.
1. Жылдыздар көрүнүп турган ачык (асмандын түнкү көрүнүшүнө карата). Жылкы баккан кишиге Жылдыздуу, айлуу түн кызык (Осмонкул). 2. Мээримдүү, ыманы ысык, жайдары, сүйкүмдүү. Жолуктум суу боюнан сулуу кызга, Жылдыздуу ыманы ысык бойго жеткен (Абдыраманов). 3. өт. Бактылуу, таалайлуу. Жылдыздуу балалык.
жылдызы жерге түшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу.
жылдызы түштү — он потерял свой авторитет; он в подавленном состоянии (букв. его звезда закатилась);
asterisk (noun)
The * character. Indicates multiplication in programming languages and also serves as a wildcard character representing one or more characters.
Жаркылдаган, жайдары, сүйкүмдүү. Күжүрмөн, карапайым, жылдызы жарык ургаачы (Бердикеев). В.: Жылдызы артык. Ойдогуну айттырбай билген, Жылдызы артык жакшынакай кыз экен (Егиналиев). Жылдызы жанган. Ал – буудай жүздүү, жоодур көз, жылдызы жанган кер мурут жигит экен (Медетов).
Жаркылдаган, жайдары, сүйкүмдүү. Күжүрмөн, карапайым, жылдызы жарык ургаачы (Бердикеев). Эгер тагдыр ушундай жылдызы жарык, ак көрпө жайыл келинден бактысын аяса... (Айтматов).
Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев).
Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбай түнөргөн, маанайы пас абалда болуу. Жылдызы жерге түшүп, кепичин бутуна араң салып, жука чапанын желбегей жамынган бойдон теңселе басып, сөөдүрөп түшүп кетти (Касымбеков). Бекей таежесинин көңүлү чак болгону сейрек, көбүнесе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүң (Айтматов). Азыр эле баласына сыймыктанган Асанбайдын жылдызы жерге түштү (Жантөшев). Жетимдикте баланын, Жерге түшөт жылдызы (Осмонкул). Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарат (Бейшеналиев). В.: Жылдызы түшүү. Хан өзү жооп таппай отурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек, Жылдызы түшүп шалдырады (Касымбеков). Шарипанын жылдызы түшүп ойлуу, кабагы салыңкы, маанайы пас, күйөөсүнүн кол булгап чакырганына кайдыгер кейпи бар (Кушубеков). Неси болсо да Кийизбай атка конгону байдын шагы сынып, жылдызы түшүп отурганы ушул го (Сыдыкбеков). Жылдызы урап түшүү. Бай-манаптар жылдызы урап түшкөнүн сезди (Убукеев). Жылдызы өчүү. – Мамбет жылдызы өчкөн элди түрүлтө кыжырлуу бакырды (Бейшеналиев). Үй толтура кишинин кимиси болсун жашып, каңырыгы түтөп, жылдызы өчүп, аза күткөндөй үңкүйүшөт (Саатов).
Бири-бирине абдан өч, бири-бири менен келише албаган, ынтымагы жок. Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрушкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов). Экөөнун жылдызы те небактан эле каршы (Исмаилов).
Бири бирине өч, бири-бири менен келише албаган, өз ара каршы, жактырбаган. Экөөнүн башынан жылдызы каршы («Ала-Тоо»). Эмне үчүн мага жылдызы каршы кишини жаныма отургузасың (Сыдыкбеков). Чотондун ашкере бой көтөрө эрес талашкансыган кейпи, Алымбек даткага жакчу эмес, жылдызы каршы сыяктуу киши болучу (Касымбеков). Турмушта кээде бир эле көрүшкөн кишилердин жылдыздары каршы болуп, алар сүйлөшпөй, сырдашпай туруп эле эмнегедир бирин-бири жактырбай калышат (Акматов).
к. ЖЫЛДЫЗЫ ЖЕРГЕ ТҮШҮҮ
Мамбет жылдызы өчкөн элди түрүлтө кыжырлуу бакырды (Бейшеналиев). Үй толтура кишинин кимиси болсун жашып, каңырыгы түтөп, жылдызы өчүп, аза күткөндөй үңкүйүшөт (Саатов).
Мамилеси туура келүү. Ажеп болуп жылдызыбыз тогошсо, кыт жанар сезим кушун кайтарган (Медетов). В.: Жылдызы келишүү. Жолду катар болсун, Анжиянда болсун дайыма бирге жүрүп, жылдызы келишип жакшылап таанышкан (Үмөталиев).
к. ЖЫЛДЫЗЫ ЖЕРГЕ ТҮШҮҮ
Хан өзү жооп таппай отурган суроого Султанмурат кайдан жооп бермек, жылдызы түшүп шалдырады (Касымбеков). Шарипанын жылдызы түшүп ойлуу, кабагы салыңкы, маанайы пас, күйөөсүнүн кол булгап чакырганына кайдыгер кейпи бар (Кушубеков).
1. Сүйгүнчүктүү, сүйкүмдүү, жагымдуу, мээримдүү. Жылдызы ысык, илбериңки, татынакай кыз үйдү айланып чуркап кетти. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаар («Манас»). 2. Өтө ынак, ынтымактуу, таттуу. Ал экөөнүн жылдызы ысык В.: Жылдызы жылуу. Жылдызың жылуу учурагандыктан жардам кылып отурам (Жантөшев). Эпилдеген илбериңки, жылдызы жылуу бала экен («Ала-Тоо»).