жылдыз
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Түнкүсүн адамдын көзүнө жарык чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Жылдызын санап асмандын Жылкыда жүрүп какшандым (Бөкөнбаев). Жылдыздар жымың-жымың этишет.
¨ Жылдызы ысык — мээримдүү, жагымдуу, сүйкүмдүү. Өзүмө кошо төрөлгөн, Жылдызы ысык көрүнгөн, Өткөрө тулпар Торучаа, Ошондо окко алдырдым («Манас»). Жылдызы жерге түшүү — сынуу, көңүлү чөгүү, капа болуу. Капсалаңдын жылдызы жерге түшүп, үшкүрүгү таш жарды (Бейшеналиев). Жылдызы каршы болуу — жаман көрүү, жактырбоо, каршы болуу.
- 2. Үч бурчтук түрүндө болгон учтуу жактары бар геометриялык фигура; ушундай формадан турган значок; ордендин же башка сыйлыктын ушундай формадагы белгиси. Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул).
- 3. өт. Көрктүүлүк, жагымдуулук, жаркылдаган жайдары көрүнүш. Жылдызы жанган жигит. Адамдын жылдызы эле го!