ЖЫЛДЫЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Түнкүсүн жаркыраган чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу. Асмандын бетин бербей жайнаган сансыз жылдыздар да жылдыздардын арасында жаркыраган ай да жарыгын төгөт (Байтемиров). 2. Айланадан бирдей аралыкта жанаша жайланышкан учтуу урчуктары бар жылдыз сымал геометриялык фигура; ошондой формадагы значоктун, ордендин белгиси. Акылбектин төшүндө, Кызыл жылдыз жаркырап (Нуркамал). Төлдөтүп ашык чарбасын, Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). 3. өт. Адамды өзүнө тарткан сүйкүмдүүлүк, мээрим. Жылдызы экен адамдын, Ким жактырбайт мындайды («Курманбек»). || Көбүнчө балдарды эркелеткенде, сүйгөндө мээримдүү, сүйкүмдүү деген мааниде айтылуучу сөз. Алдей, алдей алдей ай, Таңкы чолпон жылдызым (Токомбаев). Жакшы түш көрүп жат, жылдызым,– деди Гүлайымга Алыкул (Абдукаримов). 4. өт. Белгилүү, таанымал, көрүнүктүү, кадыр-барктуу, Жакшы уул – көктөгү жылдыз, жакшы кыз – жакадагы кундуз. Ааламында жаркыраган, жайнаган, Айтматовдун чыгармасы – бүт Жылдыз (Акматалиев).