жылдыздуу
Толковый словарь кыргызского языка (1969) сын. 1. Жылдыздар жыбырап көрүнгөн, ачык (асмандын түнкү көрүнүшү жөнүндө). Жылдыздуу түн. Жылкы баккан кишиге Жылдыздуу, айлуу түн кызык (Осмонкул).
- 2. өт. Сүйкүмдүү, жайдары, жүзү жарык. Маңдайы жарык жылдыздуу, Шерик болот ырыска (Осмонкул). Дүйшөнкулдун жылдыздуу иреңи.. көзүмө элестеди (Бөкөнбаев).
- 3. өт. Бактылуу, таалайлуу. Жылдыздуу балалык.