ЖЫЛТ БЕРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Заматта көзгө көрүнбөй калуу, арыдан бери жок болуу, көрүнбөй кетип калуу. Ал киши жылт берип кеткен (Бектенов). Окууга тоң моюндары ошол эле күнү жылт берди (Өмүрбаев). В.: Жылт коюу. Түбү жедеп күнгө какшыган жүгөрүнү отогондон укмуштай тажап, канткенде жылт койсом деп кыйпычыктай баштады («Кыргызстан маданияты») – Э-э, өзүбүз ак жолборстун токоюнда жүрүп, жылт койгондо кайда барабыз?! (Касымбеков).