Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийип алуу, каарына калуу, байкабай сүйлөп жиберип бир балакетке кабылуу. Жыландын куйругун басып алба балам, ыгын таап сүйлөшкүн,– деди атам («Ала-Тоо»). В.: Жыландын куйругун басуу. – Айланайын коегөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).