ЖЫЛАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ийрелеңдеп сойлоп жүрүүгө ылайыкталган узун, жумуру денелүү, буттары жок, көбүнчө чагып алууга жөндөмдүү уулуу жаныбар. Кара чаар жылан. Суу жылан. Ок жылан. Сары жылан. || Динар шиберди как жарып туурага атырылган жыланды көрдү (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги эң катаал деп эсептелген алтынчы жылдын аты. Жылан жылы жут болду (Жантөшев). 3. өт. Бирөөнүн кара санатайлыгын, душманынын заардуулугун, катаал ырайымсыздыгын, ач көздүгүн ж. б. терс сапаттарын билдирүүдө колдонулат. Гитлер деген сур жылан (Үмөталиев). Батыштан жылан сойлоп өткөн эле, Удургуп кара булут жеткен эле (Үмөталиев).