Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жыл- II
сдвинуть, заставить сдвинуться;
алга жылдыр- продвинуть вперёд;
койду бери жылдыр подгони овец сюда ближе;
айларды айлантып, жылдарды жылдырган провёл он месяцы и годы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсени ордунан козгоо, экинчи бир жерге которуу, илгери карай түртүү. Тиги капты жылдырып койчу (Токомбаев). Жылдырды батунусту биз тарапка (Үмөталиев). Жетимиш балбан биригип, Жерден араң жылдырган («Эр Табылды»). 2. Акырын, жай, илкитип айдоо. Жылкыны айдап кетелик, Жылдырып элге жетелик («Эр Табылды»). Койду короого жылдырып келчи (Мидин). 3. Тымызын, астыртан иштөө, билгизбей аракет кылуу, астыртан кеп-сөз жөнөтүү. Карайсың көзүң кылгырып, Кыйытып айтып жылдырып («Ала-Тоо»). 4. Алга, жөнөтүү, илгерилетүү. Уюмдун ишин алга жылдырды.

Киргизско-русский словарь Юдахина
хитрец, действующий незаметно, исподтишка; пролаза, ловкач, пройдоха;
бул иш жылдырманын эле колунан келди это дело могло быть посильно только пролазе;
жылдырмасын жылдырып коёт да, "ак койдон аңкоо, боз койдон момун" болуп, жүрө берет он потихоньку сделает этакую пакость, а потом ходит себе смиренником (см. аңкоо);
жылдырма сөз речь вкрадчиваяи неискренняя.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Арамза, астыртан жамандык издеген, астыртан жылдырып ушак айтуучу. Жылдырма билиндирбей ушак айтат, Көнгөн соң, бул мүнөзгө кантип кайтат (Тоголок-Молдо). Амандын.. алдыртан жылдырмасы бар («Советтик Кыргызстан»).
Жылдырма ууру — майда-чүйдө нерсени кымырып алма майда ууру.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Билмексен болуп тымызын, астыртан кеп-сөз айтуучу же аракет кылуучу митайым. Жылдырма билиндирбей ушак айтат, Көнгөн соң бул мүнөзгө кантип кайтат (Тоголок Молдо). 2. Түздөн-түз ачык айтылбай, байкамаксан же билмексен болуп айтылган, акырындап таралуучу (көбүнчө сөзгө карата). Жылдырма сөз.