Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде уй, кой, эчки деген сөздөр ал жаныбарлардын жалпы атын да, ургаачысын да билдирет, бирок ошол үлгүгө салып бээ, инген деп айтып, жылкы менен төөнүн жалпы атын жана ургаачысын түшүнүү мүмкүн эмес. Жылкы сөзү ат, айгыр, бээ, кулун, тай деген сыяктуу түшүнүктөрдүн баарып камтыйт. Жылкы сөзү жыл+кы бөлүктөрүнөн куралган. Анын жыл уңгусу байыркы йон//йун этишинин йун> йын>йыл болуп өзгөргөн варианты дешке болот. Байыркы йон//йун этиши азыркыча мин деген этишке туура келет. Ошондуктан жылкы сөзү минги дегенге барабар боло алат.