ложе ручья, длинная впадина, ложбина, балка.
зат. Кичине кокту, узунунан кеткен ойдуң жер. Көл башында Жыргалаң, Көп кендер чыкты жылгадан (Убукеев). Жылгада жүрүп ырдаймын, Жыргалдуу заман доорунда (Осмонкул). Муздак булак жылгадан Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев).
1. Узатасынан улам төмөндөп тилкеленип кеткен кокту, суу, сел жүрүп салааланып кокту болуп кеткен нуктуу жер, тоодогу салаа тартып тармактанып узатасынан кеткен кууш өрөөн. Муздак булак жылгадан, Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев). Жылганын ичинде таштан ташка, тийип, мөңкүп аккан көк кашка суу бар (Баялинов). Андрейдин үйү ушунун ары жагындагы жылгада болуучу (Байтемиров). 2. Тилкеленип же жол-жол болуп кеткен из. Аттардан жылга-жылга тер кетти (Айтматов). Жондоно кеткен жылгалар. Кургакта калган балыкпы? (Жаркынбаев).
1. (о местности) быть изрытой впадинами, ложбинами, быть в колдобинах;
2. перен. (о лице) быть покрытым морщинами.
жылгалан-, жылгаланбай, жылгаланган
Жылга болуп тилкеленип кетүү, салаа-салаа, жол-жол тартып кеткен көрүнүштө болуу. Тырыша жылгаланып арык жаагы (Абдыраманов).
сын. Жылгасы бар, жылгасы көп. Тектири көп жылгалуу, Тескейи тулаң чөбүбүз (Тоголок Молдо). Эркиндин көз алдында кокту, колот, жыбыт-жылгалуу майда булак, аска-зоолуу жаңы жер турду («Советтик Кыргызстан»).
Жылгасы бар, жылгалары көп. Тектири көп жылгалуу, Тескейи тулаң чөбүбүз (Тоголок Молдо).
уподоб. от жыл- II
чуть двигаться, чуть шевелиться, казаться чуть двигающимся;
көктөн учкан канаттууну карасаң, канаттары араң эле жылгансыйт стих. если посмотришь на парящую в небе птицу, крылья её едва движутся.
Кичинекей жылга, жылга сыяктуу салааланып кеткен жер. Адыр-күдүр жылгача, Жылгачаны чалбасын («Сейтек»).
скользкий;
жылгаяк муз скользкий лёд;
жылгаяк теп- скользить (на ногах); кататься на коньках.
сын. Сыйгалак, тайгалак. Долон бел кырка жонун ак кар баскан, Жолунда көк жылгаяк муздар каткан (Маликов). Көк жылгаяк муздун үстүнө самолётторду кондурушту.
Үстүнкү бети сыйгалак, тайгалак, тайып кете тургандай жылбышкак. Долон бел кырка жонун ак кар баскан, Жолунда көк жылгаяк муздар жаткан (Маликов).
Сыйгалана жылуу, тайгаланып сүрүлүү, жылгаяк тебе жылуу. Жылгаяктап барып токтоду.
Коньки, чана ж. б. менен муз үстүндө же тапталган кар үстүндө сыйгаланып ойноо, муз тебүү.