жылга
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Кичине кокту, узунунан кеткен ойдуң жер. Көл башында Жыргалаң, Көп кендер чыкты жылгадан (Убукеев). Жылгада жүрүп ырдаймын, Жыргалдуу заман доорунда (Осмонкул). Муздак булак жылгадан Агып турат шылдырап (Бөкөнбаев).