Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жердин Күндү бир айланып чыккан мезгили, 1-январдан баштап эсептелген он эки айлык убакыт өлчөмү. Жаңы жыл. Өткөн жыл. 1965-жыл.
  1. 2.                  Белгилүү бир күндөн тартып эсептегенде он эки айга толгон убакыт эсеби. Баламдын аскерге кеткенине эми үч айдан кийин эки жыл толот («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  эс. Айбандардын аты менен аталган, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берүүчү жана он экиси бир мүчөлдү түзө турган төмөнкү тартиптеги жыл эсеби: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз.

¨ Жыл сүрүү к. сүр III. Кара жыл — кар жаабай, кышында жер кара болгон жыл. Окуу жылы — окуу башталгандан тартып, жайкы каникулга чейинки окуу процесси. Окуу жылы аяктаарына аз калды (Бейшеналиев).
ЖЫЛ II этиш. Ордунан козголуу, башка жакка жылжып өтүү, башка жакка жылжып бет алуу, илгерилөө. Өөдө турар шайы жок, Жылып барат Курманбек («Курманбек»). Көзгө сайса көрүнгүс, Карыш жыла албай койдум (Байтемиров). Томсоруп колго түшкөн айыпкердей, Рейн агып калат кээде жылып (Турусбеков).