юлгун, тамариск, бисерник (растение).
зат. Топ-топ болуп чыгуучу чырпык сыяктуу бадал өсүмдүгү. Жылгын, тикен, чытырман, Тегерете чеп экен (Осмонкул).
Кызгылт түстө топ-топ болуп чыгуучу чырпык сыяктуу бадал. Чоң Талас токойлуу келет: мында көбүнчө ак терек, чычырканак, жылгын жана карагайлар өсөт (Каимов).
Кыргыз тилинде балгын сөзү да, жылгын сөзү да бир өсүмдүктүн атын билдирет. Бул бекеринен эмес. Сөздүн башындагы б жана ж тыбыштары алмашуудан эки түрдүү сөз келип чыгып, бир эле өсүмдүктүн атын билдирип калган. Түрк тилдеринде йулган (аз.), йылган (кум.), жылгын (кырг.) болуп айтылган сөз моңголчо балгана, кыргызча балгын сөзүнө мындайча туура келет. Алгачкы түрү катары байыркы түркчө йылгун вариантын эсептесек, йылгын дегенден балгын болуп өзгөргөндө биринчи муундагы а тыбышы ы тыбышына өтөт. Байыркы түрк жазууларында йылгун (ДТС, 266) сөзү гана болгон. Ал кезде балгын сөзү болгон эмес. Ушуга карап йылгын сөзү алгачкысы, анын башкы й тыбышы б тыбышына алмашуусунан балгын варианты келип чыккан деп эсептөөгө толук негиз бар.
поросший юлгуном, тамариском, бисерником;
кең Таластын оюнда, жылгындуу өзөн боюнда фольк. в широкой долине Таласа, на берегу речки, поросшей тамариском.
сын. Жылгыны бар, жылгын көп чыгуучу. Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, Жердин жайын айтайын («Манас»).
Жылгын өскөн, жылгын көп чыккан. Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас Конуп алды кайран эр («Семетей»).
ЖЫЛГЫНДЫ — топоним. Манас ата мекени Ала-Тоону душмандан бошото баштаганда Чүйдү бийлеп турган Акунбешим «Он беш жүз миң кол жыйнап, Жылгындуунун талаага» (Сагымбай Орозбаков, 2. 129) ага каршы даярданат. Ж.— азыркы Токмок шаары турган жер жана анын тегереги.
диал. Жылгын өсүмдүгүнүн уук, кереге жасаганга жарай турган жоон, жылма келген бир түрү. Чу суусунун бир жеринде жылгынды укмуш өсөт экен.