Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде балгын сөзү да, жылгын сөзү да бир өсүмдүктүн атын билдирет. Бул бекеринен эмес. Сөздүн башындагы б жана ж тыбыштары алмашуудан эки түрдүү сөз келип чыгып, бир эле өсүмдүктүн атын билдирип калган. Түрк тилдеринде йулган (аз.), йылган (кум.), жылгын (кырг.) болуп айтылган сөз моңголчо балгана, кыргызча балгын сөзүнө мындайча туура келет. Алгачкы түрү катары байыркы түркчө йылгун вариантын эсептесек, йылгын дегенден балгын болуп өзгөргөндө биринчи муундагы а тыбышы ы тыбышына өтөт. Байыркы түрк жазууларында йылгун (ДТС, 266) сөзү гана болгон. Ал кезде балгын сөзү болгон эмес. Ушуга карап йылгын сөзү алгачкысы, анын башкы й тыбышы б тыбышына алмашуусунан балгын варианты келип чыккан деп эсептөөгө толук негиз бар.