Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жек көргөндө, тилдегенде же башка учурларда «оңбогур», «түгөнгүр», «кудай алгыр» маанисинде колдонулат. Жыргап жаткан жеримден, Жылас чүрөк козгойсуң («Семетей»). Жыландары жыластын, Бүктөп турган аркандай («Сейтек»). Жылас алгыр пулемёт, Ок жаадырып турганы (Токомбаев). Арт жагында жыйырмасы, Ашкере баатыр, жыласы («Манас»). Бири миңге татыган, Тегиз көк жал жыласы («Манас»). 2. Жок болуп, жоюлуп, куруп бараткан абал, оор, катаал, мүшкүлдүү кыйынчылык. Сиз замандын жылас кезинде жаралдыңыз (Тоголок Молдо). Жыргалыңдан жыласым, Найза салым көп экен («Сейтек»).