ЖЫЛАН ЧАКПАЙ, ЖЫЛКЫ ТЕППЕЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч нерсе болбой, жөндөн жөн, эч себепсиз, өзүнөн-өзү эле. Чарбанын иши чатак экен деп, бригадиры Асанкожоев аксакал «жылан чакпай, жылкы теппей» ишти таштап баса берди («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей эле учетчик эмгегин сураган Кожобектин жер-жеберине жетти («Чалкан»). Жылан чакпай, жылкы теппей сага эмне болду? («Ленинчил жаш»).