Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жылма кылуу, быдырын кетирип тегиздөө, жылмакай тегиздөө, жылмакай кылуу. [Сатар].. кабыгын аарчып, бутактарын кетирип, жылмалап койгон ичке шыргыйдын кылда учуна кызыл материянын бир жак четин чебердик менен ороп, аны ийне менен бекемдеп тикти (Таштемиров). [Жыгаччы].. сүргүлөп тактай жылмалайт (Сыдыкбеков). Бир станокто сом темирди көзөп жатса, дагы бирөөндө килейген курч болотту жылмалап жатат (Таштемиров).
2. өт. Сөздү жасап сүйлөө, түзөп айтуу.Кечиргин, Маруся, мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм («Советтик Кыргызстан»). Жылмалап айткан сөзү жок, Таш ургандай түрс этер («Мендирман»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сглаживать, делать гладким; строгать, фуговать;
2. перен. действовать с подходцем, мягко, притворно ласково, дипломатично;
мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм не могу я, как другие, говорить дипломатично и красиво.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылма тегиз абалга келтирүү, одуракай же быдырлуу, уңкул-чуңкул жерлерин тегиздеп жылмакай түргө келтирүү. Сатар шыргыйдын кабыгын аарчып, бутактарын бутап жылмалап койду (Таштемиров). Жыгаччы сүргү сүргүлөп тактайды жылмалады (Сыдыкбеков). 2. Кандайдыр бир болгон ишти, айтылган кеп-сөздү так өзүндөй эмес, бир аз түзөп, сыпайылап башкачараак айтуу. – Кечиргин Маруся, мен элчилеп жылмалап айткан сулуу сөздү билбейм (Жантөшев).