жылбыз, жылбырс
южн.
то же, что илбирс.
1. волнистый (о короткой шерсти новорождённого ягнёнка); мерлушка с короткой шерстью;
2. перен. (о человеке) непостоянный, изменчивый; лживый, лгунишка.
зат. Убактына жетпей эрте туулган, ара туулган козунун тармал боло элек териси. Атабек ара туулуп өлгөн козунун жылбырска кара терисин берди (Жантөшев).
жылбырска (козунун териси)
1. Жылтырак келген, жылма келген кыска (чач, жүн жөнүндө). Айымкан баласынын жылбырска кара чачын сылагылайт (Осмоналиев). 2. Ара туулган, ичтен өлүү түшкөн малдын төлүнүн жүнү өтө кыска териси. Атабек ара туулуп өлгөн жылбырска кара козунун терисин берди (Жантөшев).
Убагы жетпей туулган козу-улактын териси жылбырска аталат. Бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо зулбаска (МРС, 204) сөзү кыргыз тилине кабыл алынганда с тыбышынын алдына р тыбышы ашыкча кошулган. Кыргыз тилинде жылбыска түрү да кезигет. Ал түрү моңголчо оригиналына жакындык кылат.
жалбырска менен бирдей. Биздей каракесек муну эшиткенде эмне майнап? – деп карт мерген башындагы чаарчыктын чапкил жылбырскысынан үч эли кылып кырдалган телпегин чекесинен желкесине жылдыра маңдайын сылады (Абакиров).
действовать исподтишка;
жылбытып исподтишка.
Астыртан, тымызын, жең ичинен, билмексен болуп иштөө, аракет кылуу, сөз сүйлөө. Эчтемени билбегендей болуп жылбытып жүрө берип өз максатына жетти («Ала-Тоо»).
действие исподтишка;
жылбытмасы бар он с хитрецой, с подходцем.
этиш. Сыйгалануу, тайгалануу, токтобой жылып түшүп кетүү. Чокойдун таманы жылбышып тайгалана берди (Аалы). Керез атынан жылбышып түшүп, агытып жиберип, үйүн көздөй жылт коюп качып жөнөдү (Бейшеналиев).
сдвигаться, скользить, соскальзывать.
жылмыш менен бирдей. Жонумдан ылдый жылбышып бара жаткан буума капты ыргытып жибере жаздайм (Айтматов).
сын. Сыйгалак, тайгалак, жылбышып кетме.
Жылбышып турган, жылмышып кетме, сыйгалак.
1. становиться скользким;
2. густеть (напр. о мокроте).
жылбыш этишинин аркылуу мамилеси.
жылбыш этишинин кыймыл атоочу.