Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коркута турган, чочута турган, сестене турган сөздүн четин чыгарып коюу. «Берсин кызын, эгер көнүшпөй кайкалай турган болсо...», – деп жыландын башын көрсөтөт (Осмоналиев). В.: Жыландын башын кылтыйтуу. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Ошентип бий жыландын башын кылтыйтып койду (Убукеев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов). Жыландын башын чыгаруу. Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). – Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, – деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков). Жыландын башын чыгарып сүйлөдү («Ала-Тоо»). Тоотпой баратса, жең учунан жыландын башын чыгарып кой (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми жыландын башын кылтыйтпаңыз, Мырза! (Тойбаев). Арадан эки жыл өткөндө карапайым күйөө жыландын башын кылтыйтат: «Арман күн, артымда туяк калбай турган болду» (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ЖЫЛАНДЫН БАШЫН КӨРСӨТҮҮ Көрсөң, жыландын башын чыгарып турганын! (Айтматов). Ал мүлтүлдөтүп, жыландын башын чыгара табышмактатканды жакшы көрбөйт («Кыргызстан маданияты»). - Бүлүнтүү оңой, мусулмандар, - деп көзүн кылыйтып, жыландын башын чыгарды кеңешчи (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийүү, каарына, кыйыгына калуу, бир балакетке же кырсыкка кабылуу. - Айланайын коёгөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Ш. Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Байкоосуз айткан сөзү же олдоксон иштелген иши менен бирөөнүн жинине тийип алуу, каарына калуу, байкабай сүйлөп жиберип бир балакетке кабылуу. Жыландын куйругун басып алба балам, ыгын таап сүйлөшкүн,– деди атам («Ала-Тоо»). В.: Жыландын куйругун басуу. – Айланайын коегөр! Балээсине биз калабыз! Жыландын куйругун баспадыкпы? (Үмөталиев). Элеманды куткара албады. Издеп барып жыландын куйругун басты (Укаев). Жыландын куйругун басып, кайран журтту курутуп алмак болгон экен... (Касымбеков).