Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бетинде быдыры, бүдүрү жок, тегиз, текши. Ашым таштын жылма бетине тамгаларды түшүрө баштады (Сыдыкбеков). 2. Тегиз, баарысын, бүтүндөй, бүт бойдон. Күүлөп койсо жылкычы, Семетей жылма кырып салбасын («Семетей»). Чалкалмактын жылкысын, Жылма алып кетем деп («Эр Табылды»). 3. өт. Тымызын, астыртан, анчалык көзгө түшпөгүдөй, анчалык билине бербегендей иштелген. Билем жылма митаамдыктарын, Булар соо жүргөн жок (Байтемиров).