Киргизско-русский словарь Юдахина
кол I
1. рука, кисть руки;
оң кол правая рука;
сол кол левая рука;
эки колун аркасына алып заложив руки за спину;
колдун башы кисть руки; концы пальцев;
оң колунун башы менен маңдайын сылап койду он погладил его по лбу концами пальцев правой руки;
кол башындай перен. горсточка;
кол башындай кыргыздар горсточка киргизов;
колун боорго алды
1) он приложил (правую) руку к сердцу;
2) перен. он выразил полное согласие;
эки колун бооруна алып (он) скрестив руки на груди;
кол кармаш- или кол алыш- взять друг друга за руки, взяться за руки;
кол кармашып или кол алышып рука об руку, дружно;
кол жуу-
1) мыть руки;
2) с предшеств. исх. п. перен. лишиться чего-л.;
жут жылы малдан кол жууп калдык в год джута мы лишились скота;
кол жуугуз- или кол жуудур-
1) заставить мыть руки;
2) с предшеств. исх. п. перен. лишить;
кол көтөр-
1) поднимать руку;
2) перен. голосовать поднятием руки, участвовать в (открытом) голосовании;
3) перен. уст. голосовать;
кол көтөрүү
1) поднимание руки;
2) перен. голосование поднятием рук, участие в (открытом) голосовании;
3) перен. уст. голосование;
кол көтөрүүдөн кал- уст. лишиться избирательных прав;
кол көтөрүүгө акысы жок или кол көтөрүүгө акысыз уст. не имеющий права голоса; лишённый избирательных прав;
кол көтөрүүчүлөр
1) голосующие поднятием руки, участвующие в (открытом) голосовании;
2) уст. избиратели;
колго сал- ставить на (открытое) голосование; голосовать поднятием рук (открыто);
2. (или алдынкы кол) передняя нога;
Тайбуурул минген атынын колун бүгүп карады фольк. переднюю ногу (коня) Тайбурула, на котором он (богатырь) сидел, она, согнув, осмотрела;
3. палец;
үч колунун башы менен туураган эттен алды он взял резанное мясо кончиками трёх пальцев;
үч колунун башы менен тамекиден чымчып алып взяв кончиками трёх пальцев (щепоткой) табак;
беш колундай как свои пять пальцев;
4. почерк;
колу жаман экен, окуй албай койдум почерк у него плохой, я не мог прочитать;
5. подпись;
кол кой- с предшеств. дат. п.
1) поставить подпись, подписать;
кол коюлду подписано;
2) перен. согласиться, признать достоинство кого-чего-л.;
кол кудайдын мөөрү погов. уговор дороже денег (букв. подпись - божья печать);
кол чап- аплодировать;
кол чабуулар аплодисменты;
дуулдаган кол чабуулар бурные аплодисменты;
колдо бар имущий, зажиточный;
колдо жок неимущий, бедный;
колуң-жолуң бош ты совсем свободен; можешь отправляться на все четыре стороны;
колукүчү жок у него нет сил;
колдон кел- быть посильным;
колунан келет ему посильно, он может;
эрегиш кылсаң, жеңемин, колундан кантип келемин! фольк. если будешь тягаться (со мной), я одолею, как я могу поддаться тебе!;
сенин колундан келе турган киши эмесмин я не тот человек, с которым ты справишься (тебя я не боюсь);
колунан келишинче (он) по мере сил своих;
колдон келтир- командовать кем-л., держать в повиновении;
ал мени колунан келтире албайт он мной не сможет распоряжаться; он меня в руки не возьмёт;
кол тий- иметь досуг;
колум тийсе если у меня будет досуг, если я выберу время;
жумуштан колум тийбейт я занят работой, мне недосуг;
колум тийген я позволил себе ударять;
колум тийген кандар бар, менден кордук көргөн жандар бар фольк. есть ханы, которых я бил, есть люди, которые испытали от меня унижения;
сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун я виноват в том, что позволил себе ударить пожилого человека;
кол тийбес мүлк неприкосновенное имущество;
кол үз- порвать связь;
жолдошторунан кол үзүп, дайынын таптырбай кетти порвав с товарищами, он удалился неизвестно куда;
кол сал-
1) нападать;
ууру малга кол салды вор напал на скот;
жолборско кол салган тайгандар болгон были борзые, которыс нападали на тигра;
ачка карышкыр кишиге кол салат голодный волк нападает на человека;
2) вмешиваться во что-л.;
3) покушаться, посягать;
кызга кол сал- фольк: тронуть рукой лежащую в постели девушку (выражая просьбу лечь с ней; прим. см. кайсала- I 2);
кол салуу или кол салыш
1) нападение, наступление;
2) вмешательство;
3) покушение, посягательство;
коомдук мүлкко кол салуу расхищение общественной собственности;
кол салуучу
1) нападающий;
2) посягающий;
коомдук мүлккө кол салуучулар расхитители общественной собственности;
колу оор у него тяжёлая рука (удар поражает, зарезанное животное недолго бьётся);
колу жеңил у него лёгкая рука (удар не причиняет сильной боли, зарезанное животное долго бьётся);
колу жука южн. бедняк;
ак кол белоручка;
алар ак кол болуп, жаман үйрөнүп кстишти они сделались белоручками и приобрели дурные привычки;
колу барат у него смелости хватит; у него рука не дрогнет; у него рука поднимется;
эки колун мурдуна тыгып, отуруп калды он сел на мель (потерял общественное положение и т.п.);
колдон келди кыла бер- помыкать;
ал сени колдон келди кыла берет он тобой помыкает;
ал мени коддон келди кыла албайт он меня себе не подчинит; он не сможет мною помыкать;
колумдан келери жок я ничего не могу поделать;
колу-бутун жыйнап отурушат они сидят подобравшись;
ата-энесинин колуна - кол, бутуна - бут болуп став хорошим помощником своим родителям;
колго кара- смотреть из чьих-л. рук; быть материально зависимым от кого-л.;
жарды туугандарым менин колума карап олтурат мои бедные родственники смотрят из моих рук;
чөп чыгып, мал колго карабай калды появилась трава, и скот перестал нуждаться в готовом корме;
кол кесер плата (мясом) резаку за убой скота;
колу ачык или колу кеңири (о человеке) щедрый;
колу чүрүш (о человеке) скупой;
кол бакыр чуйск. металлический уполовник;
чоң кол ист. участковый пристав;
колу билет в его власти (что хочет, то и делает);
колго түшүр- захватить;
колума бир түшөөрсүң ты мне когда-нибудь попадёшься (я тебе покажу!);
колума түшүрө албай жатам я никак не могу достать (напр. нужную книгу);
кол тийгиз- трогать, касаться;
кол тийгизгеним жок я не трогал;
кол астында (у него) в подчинении, в подданстве;
колмо-кол соода торговля за наличный расчёт;
кол кайыр- или реже кол кайтар- ответить ударом (проявив неблагодарность, непочтение);
кол кайыр милостыня, подаяние;
колум сынсын! отсохни у меня руки! (если я это сделая или сделаю);
кол бер-
1) дать руку;
2) (или кол тапшыр-) рел. стать последователем ишана (см. эшен);
он эки бирге кол берген фольк. он был последователем двенадцати ишанов (т.е. человеком благочестивым);
Сулайман пайгамбарыма кол берген менен тең (это) такая большая честь (букв. равно тому, как бы стать последователем пророка Соломона);
кол арага жарап калды (гл. обр. о мальчике) стал уже большим, уже может кое в чём помогать;
кол арага жарап калган бала мальчик, который уже начал кое в чём помогать;
кол бала см. бала;
кол катык см. катык I;
кол кабыш см. кабыш I;
ортон колдой см. ортон.
кол II
1. (в эпосе) конный отряд;
басыз, чоролордун колу өтө көп, кол эмес кошуун болуптур отряд (племён) басыз и чоро большой, (уже) стал не отрядом, а войском;
кол жаса-собирать конный отряд, собирать конницу;
2. уст. войско;
кара кол огромное войско.
кол III
(самостоятельно не употребляется, встречается только в географических названиях) русло реки, речная долина;
Каракол Каракол;
Нарынкол Нарынкол;
Кеңкол Кенгкол и др.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адамдын эки ийнинен баштап манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Барпы эки колун аркасына алып, үй ичинде ары-бери басты (Байтемиров). [Алымбек].. мээлейден колдорун чыгарды (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Малдын алдыңкы буту.
  2. 3.                  Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал).

¨ Кол кабыш кылуу — жардам кылуу, көмөк көрсөтүү. Силерге ыраазымын. Колхозго чоң кол кабыш кылдыңар (Бейшеналиев). Кол салуу—1) уурдоо, бүлдүрүү. Ортолуктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев); 2) уруш ачуу, качырып кирүү. Камап турган бул жоого Качырып кол саларбыз (Турусбеков). Колго салуу — талкууга коюу, добушка салуу. Колго салам. Жолдош Ормушту КПССтин мүчөлүгүнө өтсүн деген коммунисттер кол көтөрүшсүн (Байтемиров). Колунан көөрү төгүлгөн к. көөр. Колунан келүү — иштей алуу, кубаты жетүү, күчү келүү. Кол алдында болуу — бирөөнүн бийлигинде, бирөөнүн жетекчилигинде болуу. Кол жууп калуу — ажырап калуу, түгөтүп, жоготуп алуу. Ортон колдой к. ортон. Беш колдой — таамай, так, ачык. Бул ишти мен беш колдой эле билем («Чалкан»). Кол үзүү—1) байланышпай, катышпай калуу; ынтымагын жоготуу. Колуңду үзбө сен менден, Үмүтүм үзбөйм мен сенден («Манас»); 2) кол жууп калуу, ажыроо. Малдан колду үзгөмүн («Ала-Тоо»). Колу кыска — начар, жетишсиз; аргасыз, бийликсиз. Кол байлоо — жолтоолук, тоскоолдук кылуу; убактысын алуу, бошотпой коюу. Колго түшүү к. түш III. Кол өнөрчү — колу менен майда буюмдарды жасоочу уста. Колдон чыгаруу — 1) бүтүрүү, бир жаңсыл кылуу. Ишти биротоло колдон чыгардык («Жаш ленинчи»); 2) ажыроо, кол үзүп калуу. Кайран кишини бекер колдон чыгардым («Чалкан»). Кол кесер — мал сойгондо адамга берилүүчү эт. Куру кол калуу — эч нерсесиз калуу, куру жалак калуу. Куру кол кала турган болдук (Жантөшев). Колу түйүү—1) чолосу тийүү, убактысы болуу, колу бошоо; 2) уруп коюу, муштап жиберүү. Кол жалгоо — бирөөгө бир нерсени колу менен алып берүү. Кол коюу к. кой. Кол кайыруу же кол көтөрүү — көбүнчө өзүнөн улууларды чаап жиберүү, уруп коюу; жооп кылып уруп жиберүү. Каршылаша кеткенде Кол кайырбай ким чыдар («Манас»). Колмо-кол — колдон колго, накта. Кол бала — жашынан бирөөнүн колунда туруп калган балага же келинге айтылуучу сөз. Киши колдуу болуу — 1) киши колунан өлүм табуу; 2) уурдалуу. Кол кап — мээлей. Кол жоолук к. жоолук. Кол башындай — кичинекей, аз. Кол башындай ак баштык, Ал Төштүккө чак баштык («Эр Төштүк»). Колу бошоо — колу тийүү (1-мааниси менен бирдей). Колунда жок — жетишсиз, начар, оокатсыз. Энебиз жесир, колунда жок (Сыдыкбеков). Адилетсиз турмуш-ай, Өз колунда жок болсо, Бечаралык ушундай (Токтогул). Колунда бар — жетиштүү, оокаттуу, колу жетиштүү.
КОЛ II зат. Кишилерден турган согуштук күч, аскер, кошуун. Жарактуу кол куралсын, аба (Турусбеков).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кол (мүчө)
кол акы
кол ал-
кол алдында
кол алыш
кол ара
кол арага жароо
кол астында
кол-аяк
кол байла-
кол бакыр (фольк.)
кол бала
кол барбоо
кол башы
кол берүү
кол булга
кол-бут
колго ал-
колго алуу
колго түшүү
колдон алдыруу
колдон берүү
колдон келет кылуу
колдон келүү
колдон суурулуу
колдон талашуу
колдон уруктандыруу
колдон чыгаруу
колдон-колго
колду байлоо
колду кароо
колдун кириндей
колдун кычуусун кан дыруу
кол жазма
кол жалга-
кол жоолук
кол жуу-
кол ийрисине тартуу
кол кабыш
кол кайруу
кол кайтар-
кол кайыр-
кол канатуулар (зоол.)
кол кап
кол кармашуу
кол кароо
кол катык (камыр жөн.)
кол кашык
кол кесер
кол кой-
кол коюу
кол көтөр
кол куушур-
кол куушуруу
кол күрөк
кол күрөш
колмо-кол
кол өнөрчү
кол саат
кол сал-
кол салуучу
кол тамга
кол тийбес кор (экон.)
кол тийбес, кол тийгис
кол тийгиз-
колу ачык
колу-жолу бош
кол үз-
кол чабуу
кол чана
кол чынач
кол чап-
кол чатыр
кол шилтөө

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛ — эпосто аскердик чакан отряддан баштап, аскердик зор бөлүктөргө чейинки түшүнүктү билдирет. К. көбүнчө жоокердик атчан ири бөлүктөрдү түшүндүрөт: Отуз түмөн орчун кол Он кишиче көрүнбөс, Жараткан өзүң жардам бол, Сапарга чыккан он миң кол (Сагымбай Орозбаков, 4. 101).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын эки ийнинен баштап, манжаларынын учуна чейинки мүчөсү. Динар колундагы китепти чоң энеге көрсөтүп, силкилдетип койду (Сыдыкбеков). Абдылданын сол колу шалкайып калды (Байтемиров). 2. Малдын алдыңкы буту. Аттар колдорун солбута тарсылдатып, ташты чапчышат (Жантөшев). 3. Беш манжа. Беш кол тең эмес (макал). Беш колундай билет. 4. Кимдир бирөөнүн жазуудагы, тамга тартуудагы өзүнө мүнөздүү болгон өзгөчөлүгү. Кат уулум тарабынан жазылганына көзүм жетти, колунан тааныдым («Ала-Тоо»). 5. Кандайдыр бир документке, тизмеге, текстке же картинага тиешелүү адамдын өзү тарабынан жазылган фамилиясы, аты-жөнү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кишилерден турган согуштук күч, аскер, кошуун. Жарактуу кол куралсын, аба (Турусбеков). Тоо жарылып мол келет, Толкуган деңиз кол келет («Манас»). Көкдөө келет күүлөнүп, Көп колуна сүйлөнүп («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн карамагыңда, бийлигинде, бирөөгө көз каранды. Алты миң киши кол алдымда иштеп турат (Жантөшев). Кол куушуруп көзүн карап тургандай, мен анын кол алдында эмесмин, – деди Култай (Абдукаримов). В.: Кол астында. Анын кол астында жергиликтүү элден үч киши иштейт (Сыдыгалиев). Кайнененин кол астында илбериңки, айтканды бүтүрүп, дегенди орундаткан элпек келин болчу (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тестиер тартып, майда-чүйдө иштерди аткарууга, кол кабыш кылууга жарап калуу, чоңоюп жеңил-желпи жумуштарды иштей баштоо. Балдарынын улуусу тестиер тартып, кол арага жарап калган кези (Сыдыкбеков). -Өзүм бейтаптаган кезде булардын кол арага жарап калганын көр (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тестиер тартып, майда-чүйдө иштерди аткарууга, кол кабыш кылууга жарап калуу, чоңоюп жеңил-желпи жумуштарды иштей баштоо. Батийна кол арага жараганы тим эле байбиче болуп калдым, атасы (Сыдыкбеков). Балдарынын улуусу тестиер тартып, кол арага жарап калган кези (Сыдыкбеков). – Өзүм бейтаптаган кезде булардын кол арага жарап калганын көр (Осмоналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛАРАК ТАРТУУ – СССР административдик мыйзамдары боюнча, үй шартында күчтүү спирт ичимдиктерин даярдоо, сактоо же коларагын тартуу жабдууларын сактоо жүрүмүн камтый турган административдик укук бузуу. Этил спирти бар баардык суюктуктарды тартуу жолу менен же тутумунда 18 пайыздан ашык көмүртектүү чийки заттан үй шартында колдон жасоо ыкмасы аркылуу даярдалган ичимдиктер үй шартында даярдалган күчтүү спирт ичимдиктерине кирет. КР административдик мыйзамдарында мындай укук бузуу каралган эмес.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жолтоолук, тоскоолдук кылуучу, убактысын алып буйдалтуучу, будоо болуучу. Көрсө, мен алдына өңөрүлүп, энеме кол байлоо болуп жатыпмын (Сыдыкбеков). Жалчылык гана кол байлоо болуп турат («Ала-Тоо»). Ээ, дос, ал замандын каары, жакырчылык колду байлабадыбы (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жолтоолук, тоскоолдук кылуучу, убактысын алып буйдалтуучу, будоо болуучу. Көрсө, мен алдына өңөрүлүп, энеме кол байлоо болуп жатыпмын (Сыдыкбеков). Кол байлоо болчу жүктөрү жок, Батийналар поезд токтосо болду, шып түшүп кетишке белен (Сыдыкбеков). Жалчылык гана кол байлоо болуп турат («Ала-Тоо»),

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жашынан, кичинесинен бирөөнүн колунда туруп, өздөй болуп үйрөнүшүп кеткен балага же келинге карата колдонулат. Жашында жетим калды. Айылдагы динчилге кол бала болуп кат тааныды (Бейшеналиев). Алай эненин айдыңында кол баласы катары курсант дооран сүрүүдө (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашынан, кичинесинен бирөөнүн колунда туруп, өздөй болуп үйрөнүшүп кеткен балага же келинге карата колдонулат. Жашында жетим калды. Айылдагы динчилге кол бала болуп кат тааныды (Бейшеналиев). Апай эненин айдыңында кол баласы катары курсант дооран сүрүүдө (Бейшеналиев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Орус тилчиси Ф.Корштун ою боюнча, колбаса түрк тилдериндеги күл басты деген сөздөн алынган. М.Фасмер анын бул оюна кошулуп, бул сөздүн славян тилдериндеги варианттарынан улам мындагы т тыбышы сын атооч жасалган учурда (колбасный) түшүп калса керек деп божомолдогон. Бул сөз ошондой эле түрк тилдериндеги кол жана басты деген сөздөрдөн келип чыгышы да толук мүмкүн, анткени колбасаны чучук сыяктуу эле койдун ичегисине этти кол менен киргизип жасашкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Саламдашуу, учурашуу. Ага кол беришкен таанымал чиновниктер, байбачалар менен туздаш-даамдаш болгон (Сыдыкбеков). 2. Эшендин жолун жолдоо, баш ийүүгө ниеттенүү, эшендин жолуна түшүү. Бөтөнчө, ооруп жаткан Сатылган «Ак Эшенге кол берген Шадыбекти митаам дешке болобу», – деп ойлоду (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Саламдашуу, учурашуу. Ага кол беришкен таанымал чино вниктер, байбачалар менен туздаш-даамдаш болгон (Сыдыкбеков). Бөтөнчө, ооруп жаткан Сатылган «Ак Эшенге кол берген Шадыбекти митаам дешке болобу», - деп ойлоду (Аалы).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ишти же башка нерсени жөнгө салуу, жакшыртуу аракетинде болуу, өйдөлөтүүгө, оңдоого катуу аракеттенүү, белсенип киришүү. Өзүң жакшылап колго алсаң, бат эле адам болуп кетет күйөөң (Сыдыкбеков). Чарба төмөндөп кетти, колго албасак болбойт («Чалкан»). 2. Бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айткан-дегенинен чыкпай тургандай кылып, аны менен мамиле түзүп, муютуп коюу, өз кишиси кылып алуу. Обулустта чоң кызматта иштеген тааныштарды колго алып, ...өзүңө жакын кедейлердин уулун кызматка көтөрүү максатын көздөдү (Каимов). Айтор, эртеңки күн өздөрү үчүн кандай болорун бүрүл баамдаган өкмөттүн жаш өкүлүн жакшылап колго алып коёлу деген ойдо Качыкенин ич койнуна киришти (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ишти же башка нерсени жөнгө салуу, жакшыртуу аракетинде болуу, өйдөлөтүүгө, оңдоого катуу аракеттенүү, белсенип киришүү. Өзүң жакшылап колго алсаң, бат эле адам болуп кетет күйөөң (Сыдыкбеков). Чарба төмөндөп кетти, колго албасак болбойт («Чалкан»). 2. Бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айткан-дегенинен чыкпай тургандай кылып, аны менен мамиле түзүп, муютуп коюу, өз кишиси кылып алуу. Курманбекти колго алсаң, Анан жоону жеңесиң («Курманбек»). Шаймердендер ошол Качыкени колго алууну ылайык көрүшкөн (Сыдыкбеков). Обулуста чоң кызматта иштеген тааныштарды колго алып, өзүнө жакын кедейлердин уулун кызматка көтөрүү максатын көздөдү (Каимов). Айтор, эртеңки күн өздөрү үчүн кандай болорун бүрүл баамдаган өкмөттүн жаш өкүлүн жакшылап колго алып коёлу деген ойдо Качыкенин ич-койнуна киришти (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Жарды туугандарым минтип, колго карап отурат. Биздин деле алыбыз чак («Ала-Тоо»). 2. Жыйылып оттой албай, колдон жем-чөп жеп, колго багылып калуу (малга карата). Топоз кышында башка малдай колго карабайт (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Жарды туугандарым минтип, колго карап отурат, Биздин деле алыбыз чак («Ала-Тоо»). 2. Жайылып оттой албай, колдон жем-чөп жеп, колго багылып калуу (малга карата). Топоз кышында башка малдай колго карабайт (Абдукаримов). В.: Колду кароо. Ырысы жок жетимдер да биздин колду карап отурат (Элебаев). Жер ала-телек болуп, мал анча колду карабай калды (Абдыраманов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Уурулугу, кылмышы ж.б. билинип кармалып калуу. Сак бол, колго түшүп калба! 2. Туткун болуу, камалуу. Калпа ажы колго түштү, кечээ түнү жыйырма беш аскер келип алып кетти. Байбичесин кайра Курткага көчүргөнү келдим (Бейшеналиев),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уурулугу, кылмышы ж. б. билинип кармалып калуу. Сак бол, колго түшүп калба! 2. Туткун болуу, камалуу. Калпа ажы колго түштү, кечээ түнү жыйырма беш аскер келип алып кетти. Байбичесин кайра курткага көчүргөнү келдим (Бейшеналиев). 3. өт. Мурда тоотпой, теңсинбей жүргөн адамдын капыстан эле баш ийип, багынып, жасакерленип калуусу. В.: Колуна түшүү. Эгер Ташматтын колуна түшсөм мени сабабай коёбу (Садыбакасов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жактоо, кубаттоо. Эл кызылдарды колдоп жатат (Жантөшев). Олуя жакынын колдойт (макал).
  1. 2.                  Кол менен, колду катыштыруу аркылуу. Эки колдоп баласын, Көкөлөтө көтөрдү (Аалы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. руководить, наставлять;
2. покровительствовать, протежировать,
оолуя жакынын колдойт или жанындагысын колдойт погов. святой помогает (только) близким;
алдам, колдо! аллах, помоги!;
колдогону бар у него заручка есть;
ала колдо- относиться не ко всем одинаково, чтить одних и обижать других;
"ала колдоп кетти" деп, артымдан күбүр кылбасын фольк. чтобы не было заглазных пересудов, он, мол, стал не ко всем относиться одинаково;
Кызыр колдогон см. кызыр I;
колмо-колдо см. колмо.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Располагаемый доход (Effective revenue) —Доход, идущий на личное потребление и очищенный от налога. Личный располагаемый доход равен разности между личным доходом и суммой налогов или, что адекватно, равен сумме потребления и величины сбережений  

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от колдо-
употреблять, применять (в качестве руководства);
ач кандай чара колдонгон жок не было принято никаких мер;
колдонгон чаралардын аркасында принятыми мерами, благодаря принятым мерам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга пайдалануу, жумшоо, ошол аркылуу аракет кылуу, иштөө. Курал колдонгонго уруксат жок. Күрөшүүнүн жаңы ыктарын колдонуп, техникасын арттыруу. 2. Жетекчиликке алуу, колдонмо катары пайдалануу. Жаңынын салтын колдонуп, Жоготтуң эски жорукту (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мансабына, күчүнө таянып өз билгендей иштете берүү, эркине койбоо, үстөмдүк кылуу. Бир атанын тукумдары жесир-жетим деп, бизди колдон келет кылгыңар бар экен го?! (Сыдыкбеков). В.: Колдон келди кылуу. Ал мени колдон келди кыла албайт. Ал сени колдон келди кыла берет («Ала-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Колдонмо програм (кыскача колдонмо) – бул белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн иштелип чыккан көмпүтердик програм. Сөздүн түбү англис тилиндеги application software термининен келет. Колдонмону адатта жеке колдонуучулар урунат. Буга смартфонго орнотулган TikToK, Instagram, YouTube, WhatsApp, Google Photo, SpotifyNetflix ж.б. кирет.

Колдонмо програм деп програмдар жалпысын айтылат. Андан тышкары, көмпүтердин иштешин камсыздаган iOS, Android, Windows, Linux  сыяктуу операциондук системдер (ОС) жана “үтилиттер” аталган көмөкчү програмдар өзүнчө классты түзөт.

Колдонмолдор көмпүтердин операциондук системи менен бирге же өз алдынча орнотулушу мүмкүн. Менчиктөө укуктарына карата колдонмо ачык булактуу же жабык кодду болот.

"Колдонмо" термини көбүнчө смартфон сыяктуу мобилдик түзмөктөрдө иштеген колдонмо програмдарды билдирет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»). В.: Колдон түшкөн. – Ай таң. Бала чагында эле куулдак эле. Колдон түшкөн берен болуптур (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит... таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛДОНУУНУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ – даярдап чыгаруучу пайдалануу эрежелерин так сактаганда гана, колдонулган буюмдун сапаты туруктуу боло тургандыгы тууралуу керектөөчүгө берилген кепилдигинин мезгил аралыгы. Кепилдик иштем К. к. м-нүн бир түрү болуп эсептелет, бирок ал башка бирдиктер менен өлчөнөт (м.: автоунаа каражаттарынын жүргөн чакырымы боюнча).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Колдонуучунун графикалык интерфейси (GUI) – колдонуучуларды көмпүтер менен экрандагы визуалдык элестер аркылуу иштешүүнү камсыздаган гаврфикалык кабык. Көмпүтердин операциондук системи мындай интерфейстин мисалы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛДОН ЧЫГАРЫЛГАН ПАЙДА – төмөнкү жагдайлардан улам жак тарабынан алынбай калган киреше же башка жыргалчылыктар: милдеттенмени аткарбай коюу менен анын укугун бузгандыктан; ага зыян келтирүүдөн. КР жарандык мыйзамдарында К. ч. п. адатта алынбай калган киреше болуп саналып, чыгымдын ажырагыс бөлүгү катары ордун толтуруп берүүгө жатат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдой турган, жөлөп-таяган, жактаган, жардам кылган, болуша турган. Атаң Манас артык шер, Кулунум, колдоочу жери ошол жер («Манас»). Мени колдоочу адам ошол жалгыз таякем эле («Ала-Тоо»). 2. тотем менен бирдей.

Киргизско-русский словарь Юдахина
колдош I
1. тот, кто несёт с кем-л. вместе;
2. оказывающий помощь, поддержку; помощник;
сырдаш болгон жолдошу, жыгылар жерде колдошу фольк. его наперсник и друг, в трудную минуту (букв. при падении) его помощник.
колдош- II
1. совместно нести что-л. (напр. два человека одно ведро воды);
2. помогать друг другу; действовать совместно, согласованно.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. колдо этишинин кош мамилеси. 2. Бир нерсени (мис. капты) кол менен алууга, көтөрүүгө жардамдашуу, кошо көтөрүшүү. Мына бу эгинди колдошо койчу, балам. Өгүзгө арта салып, жөнөп кетели («Ала-Тоо»). Эки бала чаканы колдошуп, суу алып келе жатышты («Адабий Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бат эле жок болуп, түгөнүп кала турган, тез жоголуп кетме, түбөлүктүү эмес. Курган мал колдун кириндей беле? Ушинтип бир күндө кедей болуп калабы, кудай (Сыдыкбеков). Дүйнө, жашоо дегендин өзү колдун кириндей нерсеби? (Садыбакасов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бат эле жок болуп, түгөнүп кала турган, тез жоголуп кетме, түбөлүктүү эмес. Курган мал колдун кириндей беле? Ушинтип бир күндө кедей болуп калабы, кудай (Сыдыкбеков). Дүйнө, жашоо дегендин өзү колдун кириндей нерсеби? (Садыбакасов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү ыраазы болуп, моокуму канганча (кумардан чыга) былчылдата муштоо, уруу, сабоо. Колдун кычуусу кангыча былчылдатышса керек, бети билинбейт («Ала-Тоо»). Жаакка бир тартып жибердим эле, колдун кычуусу кана түштү («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү ыраазы болуп, моокуму канганча (кумардан чыга) былчылдата муштоо, уруу, сабоо. Колдун кычуусу кангыча былчылдатышса керек, бети билинбейт («Ала-Тоо»). Жаакка бир тартып жибердим эле, колдун кычуусу кана түштү («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
колдуу I
1. имеющий руку;
2. указывает на чьё-то участие в нехорошем деле;
киши колдуу болду (это неспроста) кто-то натворил, чьих-то рук дело;
ким колдуу болду? чьих это рук дело?
киши колдуу болуп өлгөнү же өз ажалынан ооруп өлгөнү - маалым эмес умер ли он насильственной смертью или же, поболев, своей смертью - неизвестно.
колдуу II
имеющий войско;
калың колдуу душман враг с большим войском;
жер майышкан колдуудай кирди кубат-демине фольк. он вошёл в силу-мощь, будто за ним несметное войско.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз ажалынан эмес, кандайдыр бирөөлөр тарабынан, бирөөлөр аркылуу атайылап өлтүрүлүү деген мааниде колдонулат. Билбейм, айтор, апамды атам колдуу болгон дешип атышат (Саатов). Эгер алар Таштанбектин ким колдуу болгонун ачык билишкен болсо, анын үйүн өрттоп жибермек (Саатов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз ажалынан эмес, кандайдыр бирөөлөр тарабынан, бирөөлөр аркылуу атайылап өлтүрүлүү деген мааниде колдонулат. Билбейм, айтор, апамды атам колдуу болгон дешип атышат (Саатов). Эгер алар Таштанбектин ким колдуу болгонун ачык билишкен болсо, анын үйүн өрттөп жибермек (Саатов).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (колебательное движение) чайпалуу, чайкалуу, дирилдөө, кыймылдоо, теңселүү, термелүү;
2. перен. (сомнение) арсар болуу, олку-солку болуу, дең-дароо болуу;
он согласился после долгих колебаний көпкө чейин арсар болуп туруп, араң, макул болду;
3. перен. (неустойчивость) туруксуздук, тез-тез өзгөрүү, өөдө-ылдый боло берүү;
колебание цен баанын өөдө-ылдый боло бериши.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. (колыхать) чайпалтуу, чайкалтуу, дирилдетүү, кыймылдатуу, теңселтүү, термелтүү;
ветер колебал верхушки деревьев жел жыгачтын башын теңселтти;
2. перен. (расшатывать основу) бузуу, бошоңдотуу (кандайдыр бир тартиптин, түзүлүштүн негизин);
3. перен. (возбуждать сомнение, неуверенность) шек туудуруу;
колебать авторитет авторитетке (беделге) шек туудуруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (раскачиваться) чайпалуу, чайкалуу, дирилдөө, кыймылдоо, теңселүү, термелүү;
маятник часов колеблется сааттын маятниги термелип (чайкалып) турат;
2. перен. (испытывать нерешительность) арсар болуу, олку-солку болуу, дең-дароо болуу;
он колеблется ал арсар болуп турат;
3. перен. (быть неустойчивым) туруксуз болуп туруу, тез-тез өзгөрүлүү, өөдө-ылдый боло берүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дубал куруу үчүн ылайдан кол менен тоголоктолуп жасалган кесек. Ар кайсы жерде чочойгон Колектен салган там эле (Осмонкул). Муну көрүп, Кылычбек эл чогулуп, колхоз уюшулгандан кийин күрүлдөп кой ферма болуп турганын, өзү бир колек ылай урбай, бу бастырманы ошондо киши жалдап салдырганын, алдыртан жеп-ичип, андан артканына жыйырма чакты жандык курап алганын эстейт (Жакыпбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (мн. колени) тизе;
стоять на коленях тизелеп туруу;
2. (мн. коленья) муун (бир нерсенин звеносу, бөлүгү, муун-муун болуп турушу);
коленья кукурузы жүгөрүнүн муундары;
3. (мн. колена) (изгиб) бурулуш, булуң;
4. (мн. колена) уст. (поколение) жураат, ата;
до седьмого колена жети атасына чейин;
ему море по колено разг. деңиз анын тизесинен, көл-дайра тизесинен; ал миң жылкы айдап калыптыр (мис. мас болгон киши);
поставить на колени
1) тизелеп тургузуу;
2) перен. бирөөнү өзүнө жүгүнтүү, багынтуу, баш ийгизүү; жүгүнүүгө, багынууга, баш ийүүгө мажбур кылуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
муундуу, муунактуу (муун-муун болуп турган, муун-муун болуп туруучу);
коленчатый стебель муундуу сабак;
коленчатая труба муундуу түтүк, муунактуу түтүк;
коленчатый вал тех. муунактуу вал.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
дөңгөлөк;
вставлять палки в колёса кедерги жасоо, тоскоолдук кылуу, жолтоо кылуу, бөгөт болуу;
грудь колесом көкүрөгү казанбактай (көкүрөгү кең, булчуңдуу);
ноги колесом каамыт аяк; ийри бут;
кружиться, как белка в колесе отко-жамга түшүү; убаралануу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (след от колеса) дөңгөлөктүн изи;
2. ж.-д. колея (эки рельсалуу темир жол);
узкая колея тар колея;
войти в колею өз калыбына келүү;
выбить кого-л. из колеи бирөөнү көнгөн, адаттагы жолунан чыгаруу; көнгөн жолдон чыгарып кетүү, көнгөн иштен алагды кылуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЖАЗМА – криминалчылыкта текстти жазууда колдун кыймылы калтыруучу из; бул изди (ойдогудай шарттарда) өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам башкалар менен алмаштыруу мүмкүн эмес жана салыштырмалуутуруктуу болот, ошондуктан белгилүү бир К. үлгүлөрүнүн дайындуу бир адамга таандык экенин айкындоого болот. Цифралардан куралган жазуу материалдары да «К.» түшүнүгү менен камтылат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛ ЖАЗМА — кандайдыр бир тексттин кол менен жазылган же машинка менен көчүрүлгөн, басмаканада терилсе да К. ж. укугунда гана жашаган түрү. «Кол жазма» деген түшүнүк адабият таанууда автор тарабынан жазылып, эгер машинкага басылган болсо, автордун текшерүүсүнөн өткөн текстке карата айтылат. Фольклористикада К. ж. көбүнчө айтуучулар эмес, изилдөөчү, жыйноочулар тарабынан түзүлөт. Бирок сабаты ачылган манасчылардын өз колу менен жазган варианттары да бар. Мисалы, Тоголок Молдо, Ы. Абдыракманов жана башкалар манасчылардын тексттери өздөрү тарабынан кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул көрүнүш адабият-таануудагы автордун К. ж-сы (автография) жакын турат. «Манастын» белгилүү варианттарынын түп нуска, көчүрмө түрүндөгү К. ж-лары Кыргыз республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн, өзүнүн жазгандары, жазган чыгармаларынын басма сөздө же китеп болуп жарыялана элек түп нускасы. Узаков кол жазманы окуп олтурган экен (Бейшеналиев). Мен кол жазмамды акырын алдым да, папкама салып койдум («Чалкан»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛ ЖАЗМАЛАР ФОНДУСУ (Кол жазмалар фондусу), Кол жазма жана жарыялоо фондусу — Кыргыз Республикасынын Илимдер акдемиясынын КЖБсынын карамагындагы, эски басма жана кол жазма китептерин, республиканын аймагында жашап жаткан элдердин фольклору, этнографиясы, тарыхы жана тили боюнча жазмаларды топтоо, сактоо, иреттөө, изилдөө жана жарыялоо боюнча бирдиктүү илимий борбор. Анын адеп уюштурулушу 1922-ж. Түркстан Мамл. окумуштуулар кеңешинин астындагы казак-кыргыз билим комиссиясынын иши менен байланыштуу. Ушул кезден баштап Сагымбайдан «Манас» жазылып алына баштайт. Адегенде К. Мифтаков, андан кийин аягына чейин Ы. Абдыракманов жазып алган. Орто Азия республикалары өз алдынчалыгын алгандан кийин 1924-ж. апрелде Кыргыз автономия облусунун Эл агартуу комитетинин астында Билим комиссиясы кайра түзүлгөн. Ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан илим изилдөө иштерин багыттап, тескеп туруу үчүн уюштурулган. Билим комиссиясынын эң алгач баштаган иштеринин бири — калк арасынан элдик оозеки чыгармаларды жазып алуу, топтоо жана изилдөө болгон. 1926-ж. комиссиянын мүчөлөрү К. Мифтаков, А. Шабданов жыйналган материалдардын негизинде кыргыз фольклорун түрлөргө бөлүштүрүү, кол жазмаларды паспорттоштуруу, системага келтирүү боюнча алгачкы иштерди өтөшкөн. 1926-ж. декабрда Кыргызстандын борб. музейи түзүлүп, бардык жыйналган фольклордук тексттер, кол жазмалар анын карамагына өткөрүлгөн. Ал эми 1928-ж. Фрунзе Край таануу институту ачылып, анын негизги милдеттеринин бири элдик оозеки чыгармаларды, баарыдан мурда «Манасты» жыйноо, сактоо, изилдөө деп аныкталган. Ошол мезгилге чейин топтолгон кол жазмалардын бардыгы ушул институтутка толук бойдон өткөрүлүп берилген. Ал 1930-ж. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын астында Маданий курулуш институту болуп кайра курулган. 1936-ж. май айында ал Тил жана жазуу илим изилдөө институтуна айланган. 1940-ж. Кыргыз ССР ЭКСинин алдында Тил, адабият жана тарых илим изилдөө институту түзүлүп, кол жазмалар толугу менен ушулинституттун карамагына өткөн. 1954-ж. кол жазмалар фондусу бул институттан бөлүнүп чыгып, СССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар фондусунун карамагына өткөн. Ошондон тартып 1968-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтуна Кол жазмалар жана жарыялоо сектору болуп өткөнгө чейин Академиянын Президиуму алдындагы Коомдук илимдер бөлүмүнүн бир бөлүкчөсү болуп келген. 1968—87 жылдары Тил жана адабият институтунун 1987жылдын сентябрь айынан баштап, Академиянын Коомдук илимдер бөлүмүнүн астында Кол жазмалар менен жарыялоо бөлүмү де ген ат менен өз алдынча бөлүм катары иш жүргүзүп келет.
«Манас» эпосунун ар кайсы учурда жазып алган түп нускаларынын үлгүлөрү.
«Манас» эпосунун ар кайсы учурда жазып алган түп нускаларынын үлгүлөрү.

Кол жазмалар фондусу— «Манастын» тексттери, көчүрмөлөрү.
манасчылардын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу материалдар, сүрөттөрү сакталган илимий борбор. Фондунун «Манас» бөлүмү адегенде Билим комиссиясынын мүчөлөрү топтогон материалдардан түзүлүп, кийин илимий мекемелердин фольклордук экспедициясы тарабынан толукталган. Азыр негизинен «Манастын» белгилүү варианттарынын көчүрмөлөрү, ар кыл эпизоддору элден топтолуп алынып жатат. К. «Манастын» варианттары, Көчүрмө, «Манасты» жыйноо.
С. Кайыпов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бет аарчы, жүз аарчы. Бирасыл үйдө олтуруп кол жоолук жасады (Каралаев). 2. өт. Өз алдынчалыгы жок, бирөөнүн эркине баш ийген, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган. Бошкойдой төбөлдөргө жасакерленип, алардын кол жоолугуна айлансам, биз да байыр элек (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колдо болгон нерсесинен, мал-мүлкүнөн ажырап калуу, эч нерсеси жок калуу, чыгымга учуроо. Бөлөбала бар чарбасынан кол жууп, ого бетер катаал турмуштун торуна чырмалган (Осмонкул). Үч-Булакка айдаган арпадан кол жууп кала бердик («Чалкан»). Эл бирин-эки малдан кол жууду, үй-ичин туташ түгөтүштү (Шүкүрбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колдо болгон нерсесинен, мал-мүлкүнөн ажырап калуу, эч нерсеси жок калуу, чыгымга учуроо. Бөлөбала бар чарбасынан кол жууп, ого бетер катаал турмуштун торуна чырмалган (Осмонкул). Үч-Булакка айдаган арпадан кол жууп кала бердик («Чалкан»). Эл бирин-эки малдан кол жууду, үй-ичин туташ түгөтүштү (Шүкүрбеков).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
союз условный, разг.
эгер, -са;
коли так, я не пойду эгер андай болсо, барбаймын;
коли идти, так идти эгер бара турган болсок, баруу керек;
коли на то пошло эгер андай болсо.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Trochilidae) колибрилер; эң майда чымчыктардын бир тукуму, Түштүк Америкада жашайт, булардын төмөнкүдөй түрлөрү белгилүү: колибри-ангел (Heliomaster furcifer) — бериште колибри, к.  гигантская (Patagona gigas) — дөө колибри, к.  длиннохвостая (Phaethornis superciliosus) — узун куйрук колибри, к.  красная (Ph. ruber) — кызыл колибри, к.  мечеклювая (Ensifera ensifera) — жебетумшук колибри, к.  ракетохвостая (Loddigesia mirabilis) — чачылуу куйрук колибри, к.  рубиновая (Chrysclampis mosquitos) — манардай колибри, к.  рубиногорлая (Archilochus colubris) — манартамак колибри, к. -Сапфо (Sappho sparganura) — сапфо-колибри, ачакей колибри, к.  топазовая (Topaza pella) — топаз түстүү колибри, к.  хвостатая (Eupetomena macroura) — чоң куйрук колибри.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдараак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү. Кол ийрисине тартып кетпес үчүн, текшерүүгө алып туруу керек («Кыргыз Туусу»). Сен ошол кедейлердин тобунун башчысы экениңен пайдаланып, кол ийрисине тартат кылып, өзүңө көбүрөөк алып койдуң (Эшмамбетов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдараак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү. Кол ийрисине тартып кетпес үчүн, контролдукка алып турууга милдеттүү («Советтик Кыргызстан»). Сен ошол кедейлердин тобунун башчысы экениңен пайдаланып, кол ийрисине тартат кылып, өзүңө көбүрөөк алып койдуң (Эшмамбетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жардамдашуу, көмөк көрсөтүп кошо иштешип берүү. Жыйым-терим бүтүп, иш сээлдегенден бери Калыйча да кол кабыш кыла баштады (Саатов). Жумуштан колу бошой калганда жыгаччылык устаканасына барып, андагы карт жыгаччы Иванга кол кабыш кылыша кетет (Баялинов). Күлайым эжекем да кол кабыш кылып алардын жанында (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жардамдашуу, көмөк көрсөтүп кошо иштешип берүү. Жыйым-терим бүтүп, иш сээлдегенден бери Калыйча да кол кабыш кыла баштады (Саатов). Жумуштан колу бошой калганда жыгаччылык мастерскоюна барып, андагы карт жыгаччы Иванга кол кабыш кылыша кетет (Баялинов). Күлайым эжекем да кол кабыш кылып алардын жанында (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө өзүнөн улуулардын урганына, чаап жибергенине унчукпай тим болуп калбай каршылык көрсөтүү, жооп кылып кайра уруу, кармаша кетүү, кол тийгизүү. Мерген жарамсыздыгын билгендиктен эч кол кайырган жок (Аалы). Бешиктен бели чыкпай жатып кишиге кол кайырат (Борбиев). Өчүн ала дем алдырбай койгулап, тигинин кол кайрууга чамасын келтирбеди (Эсенканов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөлөрдүн урганына чаап жибергенине каршылык көрсөтүү, жооп кылып кайра уруу, кармаша кетүү, кол тийгизүү. Муратка кол кайтаруу кайда, кол кайырса да Кожомкулга күчү кайдан жетет (Баялинов). Мерген жарамсыздыгын билгендиктен эч кол кайырган жок (Токомбаев). Бешиктен бели чыкпай жатып кишиге кол кайырат (Борбиев). Өчүн ала дем алдырбай койгулап, тигинин кол кайрууга чамасын келтирбеди (Эсенканов). В.: Кол кайтаруу. Кол кайтарбаган менен каргап-шилөөдөн тартынган жок («Кыргыз Туусу»). Мен кол кайтарбайт деп коомай турган Аликти ооз талаштыра коюп жибердим («Ала-Тоо»). Кол көтөрүү. Канча кылган менен тартынды окшойт, кол көтөрө алган жок («Ленинчил жаш»). Урушканда адегенде эң оболу ким кол көтөрсө, ошол күнөөлүү («Чалкан»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (легко колющийся) оңой жарылгыч, оңой жарылуучу (о дровах); оңой чагылгыч, оңой чагылуучу, оңой майдалангыч, оңой майдалануучу (о сахаре);
колкие дрова оңой жарылуучу отун;
2. (колючий) сайгыч, сайып алгыч (мис. тикен);
3. перен. кекээр, кер какшык, кыжырга тие турган (сөз).

Киргизско-русский словарь Юдахина
колко I
1. аорта;
сары колко чуйск. название болезни лошадей;
2. ответный подарок, отдарок;
колкосуна чыдадым я решаюсь принять подарок (обязуюсь отдарить);
колкосун кийин берем я после отдарю за это;
колко салып атып, араң алдым я у него с трудом выпросил, обещая отплатить;
колкоң менден я тебя отблагодарю (услугой за услугу или подарком за подарок);
кадыр-колко уважение; хорошие отношения;
кадыр-колко үчүн из уважения и ради хороших отношений;
сөз тапкан колко бербейт погов. кто слово нашёл (т.е. нашёл удачную отговорку), подарок не даёт (когда на это претендуют, обещая отдарать);
колко сал- или колко кыл- выпрашивать что-л. за подарок, за услугу или обещая отдарить;
колко салып, сурап алды он выпросил, обещая отдарить;
мага эмне колко? а мне-то какая корысть? а мне-то какое дело? мне от этого ни жарко ни холодно;
колко сыр сокровенная тайна;
колкомду чабайын см. чап- IV.
колко II
южн.
то же, что чөндөлөй;
ит колко жеп жатыр собака ест сурчонка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кекиртектин өпкө менен туташкан жери. Адамзаттын жан борбору эт жүрөк, Жай алары өпкө, колко, көкүрөк (Акаев). [Бычакты].. карышкырдын колкосуна матырып алам,деп сүйлөдү Алымкул (Абдукаримов).
КОЛКО II зат. Бирөөнүн бергенине, кылган жардамына, жакшылыгына карата көрсөтүлгөн сый, акы. Колкосун кийин берем. Колкоңуз.. менин мойнумда болсун («САЖИ»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кекиртектин алкым жаккы жоон бөлүгү. Булкуша кетсе жолборсу, Заманасын куурайын, Колкосун тиштеп суурайын («Эр Төштүк»). Адамзаттын жан боору – эт жүрөк, жай алары – өпкө, колко, көкүрөк (Акаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
люди, состоящие в таких отношениях, когда они одаряют и отдаривают друг друга;
колколош бол- взять у кого-л. понравившуюся вещь с тем, чтобы потом отдать хозяину этой вещи то, что ему понравится.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛКОЮУ – 1) келишим түзүүнүн бир баскычы; 2) эларалык келишим андан ары ратификациялоого же бекитүүгө жатпаган учурда да КРдин ушул келишимдер ал үчүн милдеттүү экенине макулдугун билдирүү ыкмасы.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Каңдайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү бир текстин ж.б. алдына фамилиясын өз колу менен жазып, аны ырастоо, же бир нерсеге макулдугун, бир нерсенин анык туура экендигин билгизүү. Документтерге кол койду. Отпускага чыгуу жөнүндөгү арыздарга кол койду. 2. Кандайдыр бир иштин, бир нерсенин аткарылышы, бүтүшү жөнүндө бирөөгө карата ишеними артуу, ошол иштин аткарылышына көзү жетүү, ага толук макул болуу. -Кагылайын Зукешим, сага мен эми кол койдум, ишке жарапсың, - деп, өзүнөн өзү күлүңдөдү (Баялинов). Бо-о дейре анчейин теңиме алчу эмес элем. Көрсө, касиети артык «машайыкка» айланыпсың. Кол койдум, баатыр акеси. Аман бол (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү бир тексттин ж. б. алдына фамилиясын өз колу менен жазып, аны ырастоо, же бир нерсеге макулдугун, бир нерсенин анык туура экендиган билгизүү. Документтерге кол койду. Өргүүгө чыгуу жөнүндөгү арыздарга кол койду. 2. Кандайдыр бир иштин, бир нерсенин аткарылышы, бүтүшү жөнүндө бирөөгө карата ишеними артуу, ошол иштин аткарылышына көзү жетүү, ага толук макул болуу. – Кагылайын Зукешим, сага мен эми кол койдум, ишке жарапсың, – деп, өзүнөн өзү күлүңдөдү (Баялинов). Көрсө, касиети артык «машайыкка» айланыпсың. Кол койдум, баатыр акеси. Аман бол (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛ КОЮУ БАРАГЫ – депутаттыкка (же башка шайлануучу кызматка) талапкерди көрсөтүүнү, же болбосо шайлоо бирикмесинин, шайлоо блогунун талапкерлеринин тизмесин колдоого кол чогултууга арналган барак. К. к. б. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген өзгөчө таризде даярдалат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛКУНАЙ — эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу. Тебетейимди колтугума кысып, кол куушуруп, мөгөдөй ийилип, бий алдында мөгдөдүм (Сыдыкбеков). Күнөөсүн кечкин, кызым!-деп, кол куушуруп сурады (Барпы). Кол куушуруп кудаларың келет, андан көрө ошолорду күт («Чалкан»). 2. Баш ийүү, багынуу. Азаматтар эл намысын сактаган, кол куушуруп, бут кучактап жатпаган (Маликов). Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп, жолуна бөгөт болбоюн дегениңби? (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу. Иманахун кол куушуруп, Ражаб менен коштошту (Абдукаримов). Биз жоого кол куушуруп, баш ийбейбиз (Маликов). Тебетейимди колтугума кысып, кол куушуруп, мөгөдөй ийилип бий алдында мөгдөдүм (Сыдыкбеков). Күнөөсүн кечкин, кызым! – деп, кол куушуруп сурады (Барпы). Кол куушуруп кудаларың келет, андан көрө ошолорду күт («Чалкан»). 2. Баш ийүү, багынуу. Азаматтар эл намысын сактаган, кол куушуруп, бут кучактап жатпаган (Маликов), Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп, жолуна бөгөт болбоюн дегениңби? (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок, жетишсиз, колунда жок, жоксуз. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алаармын дедим эле. Айлам жок. Кол кыска, өзүм алсыз экемин (Сыдыкбеков). Кол кыска. Бирок, экөөбүздүн алма-терме алмашкан өнөр сыйыбыз мансаптуулардыкынан кымбат эмеспи (Бейшеналиев). Акыл жетсе, кол кыска, Алдаттым ачуу турмушка (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жок, жетишсиз, колунда жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алаармын дедим эле. Айлам жок, Кол кыска, өзүм алсыз экемин (Сыдыкбеков). Кол кыска. Бирок, экөөбүздүн алма-терме алмашкан өнөр сыйыбыз мансаптуулардыкынан кымбат эмеспи (Бейшеналиев). Акыл жетсе, кол кыска, Алдаттым ачуу турмушка (Сыдыкбеков).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕГИЯЛУУЛУК (АКЫЛДАШТЫК) – арбири белгилүү бир ишкердүүлүк чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчилик тартуучу, ыйгарым укуктуу адамдардын тобу (коллегия) аркылуу жетекчилик жүргүзүлүүчү башкаруу принциби.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Белгилүү бир мекеменин тийиштүү кызматкерлеринен бириккен административдик, буйрук же кеңеш берүүчүлүк органын түзүүчү топ.
Министерствонун коллегиясы. Редакциялык коллегия. Адвокаттар коллегиясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. коллегия (бир мекемедеги, органдагы кеңешип жетекчилик кылуучу кишилер тобу);
коллегия адвокатов адвокаттар коллегиясы;
2. ист. коллегия (Пётр I заманындагы кээ бир борбордук башкаруу органдарынын аты).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕГИЯ (АКЫЛДАШТАР) (лат. collegium ) – 1) жетекчилик, кеңешчилик же тескөө органдарын түзө турган адамдар тобу (м.: министрлик, сот К-сы) (кара:Коллегиялуулук); 2) бирдей кесиптеш адамдардын ыктыярдуу бирикмеси (адвокаттар К-сы); 3) Орусиянын XVIII кылымдагы жогорку өкмөт мекемесинин аталышы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү бир мекеменин тийиштүү кызматкерлеринен бириккен административдик, буйрук же кеңеш берүүчүлүк органын түзүүчү топ. Министирликтин коллегиясы. Редакциянын коллегиясы. Адвокаттар коллегиясы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕГИЯ (АКЫЛДАШТАР) (лат. collegium ) – 1) жетекчилик, кеңешчилик же тескөө органдарын түзө турган адамдар тобу (м.: министрлик, сот К-сы) (кара:Коллегиялуулук); 2) бирдей кесиптеш адамдардын ыктыярдуу бирикмеси (адвокаттар К-сы); 3) Орусиянын XVIII кылымдагы жогорку өкмөт мекемесинин аталышы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕГИЯЛУУЛУК (АКЫЛДАШТЫК) – арбири белгилүү бир ишкердүүлүк чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчилик тартуучу, ыйгарым укуктуу адамдардын тобу (коллегия) аркылуу жетекчилик жүргүзүлүүчү башкаруу принциби.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК. «Манас» эпосу адатта бир гана айтуучу тарабынан аткарылган. Бирок, эл оозунда айтылып жүргөн уламышка караганда, кайсы бир чоң ашта кырк манасчы (сыягы Манастын кырк чоросун билгизгени го) катар олтуруп «Манас» айтышкан имиш. Алардын кандай ыкмада аткарганы: роль боюнчабы, же бир-бирин улаппы, анысы белгисиз. Ушул маалыматка караганда манасчылык өнөрдө бир кездерде К. ч. болсо керек.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТЫК КООПСУЗДУК – БУУ Уставында белгиленип, ошол бүт дүйнөлүк уюм, жамааттык коопсуздук боюнча коопсуздуктун аймактык уюмдары тарабынан эларалык тынчтыкты коргоого жана баскынчылыкка каршы туруу максатында ишке ашырылуучу мамлекеттердин биргелешкен аракет тутуму. «Ж. к.» аталгысы 1922-жылкы Улуттар лигасынын алкагында эларалык мамилелерге кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Ж. к. принциби юридикалык жактан БУУ Уставы башка эларалык келишимдер жана документтер (м.: 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Хельсинки кеңешмесинин корутунду актысы ж. б.) менен бекемделген.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТЫК МЕНЧИК – бир катар мамлекеттердин мыйзамдары боюнча мамлекеттик жана жекеменчик менен катар турган өзалдынча менчик. Адатта, Ж. м. катары кооперативдерге кирген менчиктер түшүндүрүлөт. Азыркы учурда КР мыйзамдарында каралган эмес.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТЫК МАКУЛДАШУУ (жамааттык келишим) – уюмдагы социалдык-эмгектик мамилени жөнгө салуучу жана кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн атынан алардын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлүүчү локалдуу ченемдик акты. Ж. м-лар менчиктин кандай түрү болбосун уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталган күндөн тартып 2 айдын аралыгында Ж. м-нун айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестиктердин протоколун бир эле учурда түзүү менен макулдашылган шарттарда жамааттык келишимге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер андан аркы жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүйөсү болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТАШТЫК ЧАРАЛАР – эларалык укукта эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жана калыбына келтирүүгө ыйгарым укугу бар 2 же андан көп мамлекеттердин же алардын аймактык жана көп жактуу уюмдары тарабынан жасалган куралсыз же куралдуу мүнөздөгү аракети. Куралсыз мүнөздөгү Ж. ч-га экономикалык мамилелерди толук же жарым-жартылай үзүү,темиржол, деңиз, аба, почта, телеграф, радио, теле ж. б. байланыш каражаттарын токтотуу, ошондой эле элчилик мамилелерди бузуу кирет. Ал эми куралдуу мүнөздөгү Ж. ч-га деңиз, аба, кургак жер куралдуу күчтөрүн пайдалануу менен, күч көрсөтүү, курчоо, тороо ж. б. аскердик аткарымдар жатат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (общий) коллективдүү, бириктешкен;
коллективное хозяйство коллективдүү чарба, бириктешкен чарба;
2. (для коллектива) коллективдик;
коллективное снабжение коллективдик жабдуу;
3. (основанный на общности) коллективдик;
коллективные начала коллективдик негизде;
принцип коллективного руководства жетекчиликтин коллективдик принциби.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТЫК БЕЛГИ – бирдиктүү сапатка же башка жалпы мүнөздөмөгө эгедер болуп, чыгарылуучу жана/же сатылуучу товарларды белгилөөгө арналган биримдиктердин, чарбачылык ассоциацияларынын, концерндердин жана да башка ыктыярдуу ишкана бирикмелеринин товардык белгиси. Ж. б. жана аны пайдаланууга укук башка жакка берилбейт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАМААТТЫК ПОДРЯД – бригадалардын же башка жамааттардын уюмдашуу жана эмгекакы төлөө таризи. Эмгекакы акыркы иш натыйжасы боюнча төлөнөт. Иштеп табыла турган эмгекакы бригада мүчөлөрүнүн арасында тарифтик баскыч, иш жүзүндө иштеген убакытка, эмгекке катышуу өлчөмүнө жараша бөлүнөт.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук
Коллектив учеников – это живой изменяющийся организм, поэтому воспитательная система класса требует постоянного наблюдения и корректировки. Надеемся, в этом вам помогут предложенные рекомендации.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
коллектор (1. бир нерсе жыйнала турган мекеме же орун, мис. китептерди китепканаларга план боюнча бөлө турган склад; 2. тех. динамо-машинанын алмашма ток туруктуу токко айланып туруучу бир бөлүгү; 3. шаардан ыпылас, жаман суулар агып чыга турган негизги труба).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕКЦИЯ (лат. collectio – чогултуу) – жалпы социалдык, маданий, эстетикалык же башка максаттарда бириктирилген жана бир бүтүндүктү түзгөн нерселердин (сүрөт чыгармаларынын, тыйындардын, маркалардын ж. б.) жыйындысы. Демейки жарандык урунтта К. көптөгөн нерселерден түзүлсө да, бирдиктүү, бөлүнгүс буюм катары каралат. Ошондуктан, К-га карата бир канча адамдын менчиктөө укугу пайда болгондо (м.: мурастоодо), ал эгер өзүнүн наркын жана маанисин жогото турган болсо, натуралай бөлүштүрүүгө жатпайт; бөлүнүп кетүүчү менчик ээсине анын акчалай наркы берилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛЕКЦИЯ (лат. collectio – чогултуу) – жалпы социалдык, маданий, эстетикалык же башка максаттарда бириктирилген жана бир бүтүндүктү түзгөн нерселердин (сүрөт чыгармаларынын, тыйындардын, маркалардын ж. б.) жыйындысы. Демейки жарандык урунтта К. көптөгөн нерселерден түзүлсө да, бирдиктүү, бөлүнгүс буюм катары каралат. Ошондуктан, К-га карата бир канча адамдын менчиктөө укугу пайда болгондо (м.: мурастоодо), ал эгер өзүнүн наркын жана маанисин жогото турган болсо, натуралай бөлүштүрүүгө жатпайт; бөлүнүп кетүүчү менчик ээсине анын акчалай наркы берилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК ЧЕНЕМ (лат. collisio – кагылышуу) – эларалык мүнөздөгү жарандык, үйбүлөлүк, эмгектик мамилелерге карата кайсы мамлекеттин укуктары колдонулууга тийиш экенин же болбосо мамлекеттик ички юридикалык карама-каршылыктарда (коллизияда) кандай ченемдик укук акты колдонулууга жатарын көрсөтүүчү ченем. К. ч. ошондой эле улуттук жана эларалык укуктун ортосундагы карама-каршылыктарды чечүүнүн принциптерин да аныктоосу ыктымал. Эларалык жеке укукта К. ч. адатта, кандайдыр бир мамлекеттин укугуна көрсөтпөстөн, укукту пайдалануунун принциби аныкталуучу абстрактуу эреже катары калыптандырылат (м.: адамдын жарандык мыйзамы, келишим түзүлгөн жердин мыйзамы, буюм жайгашкан жердин мыйзамы, нике катталган жердин мыйзамы ж. б.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК БАЙЛАМТА – ошол укук мамилелерине колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамды (укук тутумун) көрсөтүүчү коллизиялык ченемдин курамдык бөлүгү. Баардык К. б-лар байламталардын формулалары же коллизиялык принциби деп аталган бир нече түргө бөлүнөт (м.: адамдын жарандыгынын мыйзамы (lex patriae ), адамдын жашаган жеринин мыйзамы (lex domicilii ), буюм жайгашкан жердин мыйзамы (lex rei sitае ), келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы (lex loсi contractus ), келишимди аткаруучу жердин мыйзамы (lex loсi solutions ), зыян келтирген жердин мыйзамы (lex loсi delicti commissi ) ж. б).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК УКУК – аркыл мамлекеттердин («тышкы» К. у.) мыйзамдарынын же бир мамлекеттин ченемдик актыларынын («ички» К. у.) ортосундагы коллизияларды чечүүчү ченемдердин жыйындысы. «Тышкы» К. у. эларалык жеке укуктун курамына кирет. Бир катар өлкөлөрдө (Улуу Британия, АКШ ж. б.) «эларалык жеке укук» түшүнүгү К. у. түшүнүгү менен окшоштурулат. «Ички» К. у. федералдык укуктун жана федерациянын субъектисинин укуктарынын ортосундагы карама-каршылыктар чыгуусу мүмкүн болгон федеративдик мамлекеттерде өзгөчө мааниге ээ болот.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДАР КОЛЛИЗИЯСЫ (КАГЫЛЫШЫ) – бир эле маселе боюнча чыгарылган 2 же андан көп шарттуу аракеттеги ченемдик актылардын бири-бирине карама-каршылыгы (кагылышуусу). М. к. (белгилүү эрежелер боюнча) каралып жаткан кырдаалга колдонулуусу мүмкүн болгон ченемдик актыны тандап алуу жолу менен чечилет (м.: бирдей күчкө ээ 2 юридикалык актынын убактысы боюнча кийинки кабыл алынганы, атайын акты жалпы актынын алдында артыкчылыкка ээ болот.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК БАЙЛАМТА – ошол укук мамилелерине колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамды (укук тутумун) көрсөтүүчү коллизиялык ченемдин курамдык бөлүгү. Баардык К. б-лар байламталардын формулалары же коллизиялык принциби деп аталган бир нече түргө бөлүнөт (м.: адамдын жарандыгынын мыйзамы (lex patriae ), адамдын жашаган жеринин мыйзамы (lex domicilii ), буюм жайгашкан жердин мыйзамы (lex rei sitае ), келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы (lex loсi contractus ), келишимди аткаруучу жердин мыйзамы (lex loсi solutions ), зыян келтирген жердин мыйзамы (lex loсi delicti commissi ) ж. б).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК УКУК – аркыл мамлекеттердин («тышкы» К. у.) мыйзамдарынын же бир мамлекеттин ченемдик актыларынын («ички» К. у.) ортосундагы коллизияларды чечүүчү ченемдердин жыйындысы. «Тышкы» К. у. эларалык жеке укуктун курамына кирет. Бир катар өлкөлөрдө (Улуу Британия, АКШ ж. б.) «эларалык жеке укук» түшүнүгү К. у. түшүнүгү менен окшоштурулат. «Ички» К. у. федералдык укуктун жана федерациянын субъектисинин укуктарынын ортосундагы карама-каршылыктар чыгуусу мүмкүн болгон федеративдик мамлекеттерде өзгөчө мааниге ээ болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЛИЗИЯЛЫК ЧЕНЕМ (лат. collisio – кагылышуу) – эларалык мүнөздөгү жарандык, үйбүлөлүк, эмгектик мамилелерге карата кайсы мамлекеттин укуктары колдонулууга тийиш экенин же болбосо мамлекеттик ички юридикалык карама-каршылыктарда (коллизияда) кандай ченемдик укук акты колдонулууга жатарын көрсөтүүчү ченем. К. ч. ошондой эле улуттук жана эларалык укуктун ортосундагы карама-каршылыктарды чечүүнүн принциптерин да аныктоосу ыктымал. Эларалык жеке укукта К. ч. адатта, кандайдыр бир мамлекеттин укугуна көрсөтпөстөн, укукту пайдалануунун принциби аныкталуучу абстрактуу эреже катары калыптандырылат (м.: адамдын жарандык мыйзамы, келишим түзүлгөн жердин мыйзамы, буюм жайгашкан жердин мыйзамы, нике катталган жердин мыйзамы ж. б.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
коло I
ир.
короткое бревно (1,5 - 2 метра);
коло карагай короткое еловое бревно;
колодой балбан билек тракторчу тракторист с толстыми богатырскими руками.
коло II
бронза;
коло үзөңгү бронзовое стремя;
коло доору бронзовый век.
коло- III
бояться, страшиться; в страхе бежать;
салышпай душман кологон фольк. не вступая в бой, враг в страхе бежал;
атым менин Жолойдур, ар душман качып колойдур фольк. имя моё Джолой, любой враг от меня бежит, боится;
берен кийсе, белсенип, бет алган бенде кологон фольк. когда он, надев кольчугу, готовился к схватке, люди, на которых он шёл, в страхе бежали;
кологон бойдон кетти он в страхе бежал.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Алтынбы, жезби, колобу, Акындын жайын эл билет» (Байдылда). Ал — зергерчиликти иштетүүдө буюмдун жердиги. Жездин, коргошундун, калайдын аралашмасынан пайда болуп, аны колдонуу ийкемдүү келет. Колонун эки түрү бар. Ал сары жана ак саргыл түстө көрүнөт да, бул жезге караганда тазараак, анча дат чалбайт. Андан ат жабдыктарына, салттуу буюмдарга шөкөттөрдү, аялдардын кооз нускаларын жана идиш-аяктарды, салттуу буюмдардын, кишен өңдүүлөрдү жасайт. Бул чоюлбай катуу, сынма келет. Ошондуктан, ал айыл чарба, өнөр жай техникаларында аз колдонулат. Колодон үзөңгүнү бир да бөлүп-бөлүп куюуга да болот. Коло жездей кепшер боло албайт. Ал эми күмүштүн, жездин аралашмалары аркылуу бирдемелер карматылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дөңгөч, бир кетим карагай. Колодой болгон мойнуна, Колун салып бурады («Эл адабияты»). Көчөнүн боюнда кыйылып жаткан бир коло терекке минип-түшүп, төрт бала ойноп турушкан эле (Сыдыкбеков). Мал сарайдын тегереги коло-коло карагайга шыгырайт («Эркин-Тоо»).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Rotatoria) бурамалар; жумуру курттар тибиндеги омурткасыз жандыктардын сууда жашоочу бир классы, буларга коловратки однояичниковые (Monogononta) — жалгыз энеликтүү бурамалар (түркүм), коловратки пиявковидные (Bdelloidea ) — сүлүксымак бурамалар (түркүм) ж.у.с. кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
колода I
ж.
1. (обрубок) дөңгөч;
2. (для водопоя и т.п.) ичи оюлуп, чукулуп жыгачтан жасалган нерсе (мис. аштоо, ноо ж.б.).
колода II
ж.
(карт) колода (ойноло турган картанын толук комплекти).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. калып;
колодка рубанка сүргүчтүн калыбы;
2. (сапожная) калып (бут кийимдин ж.б.);
3. уст. (для преступников) тешик тактай (илгерки убакытта кылмыштуулардын бутуна кийгизип коюучу көзөнөк жыгач калкан);
орденская колодка орден колодкасы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
стрела;
колуна саадак кармады, колок менен жайлады стих. взяла (богатырша) в руки лук и уложила (врага) стрелой;
кыйла жанды ыйлаткан, колок менен сулаткан стих. многих она (богатырша) доводила до плача, стрелами укладывала (убивала).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. болтаться (о чём-л. неуклюжем, несуразном);
2. перен. вести себя излишне вольно, развязно (в отношении манер, движений);
атты жаратып минип алышып, колоктоп бастырып жүрүшкөн (бездельники) вытренировав коней, с развязным видом разъезжали;
колоктоп бош жүр- болтаться без дела, бездельничать;
колоктоп бош басып жүргөнүңөрдү көрбөйүн, жооптуу болосуңар! чтобы я не видел вас болтающимися без дела, в ответе будете!

Киргизско-русский словарь Юдахина
готовясь к схватке, к бою, освободить от одежды правую руку; приготовиться к схватке, к бою;
коломочтоп, кол барса, Ордобай карап турабы? фольк. когда готовое к бою войско двинется, разве Ордобай останется безучастным?
коломочтоп кол алып, жоого каршы жасандым фольк. взяв войско, готовое к бою, я приготовился к схватке с врагом;
эки колун коломочтоп, эки этегин белине кыстарып обнажив обе руки (спустив одежду до пояса) и подоткнув полы за пояс (готовый встретить врага).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от коломочто-;
согушта оң жеңин кемерге кыстарып, коломочтонуп жүргөн в бою (киргизы) заправляли правую полу за пояс и освобождали правую руку от одежды;
жеңдерин чечип, коломочтонуп, шымдакчан болуп согушкан (киргизы) сражались, скинув (правый) рукав, заправив рубаху (или халат) в штаны и обнажив руку и плечо;
коломочтонуп түрүнүп, комузун алып ырдай баштады освободив правую руку от одежды, он (акын), взяв комуз, начал петь.

Киргизско-русский словарь Юдахина
коломсок (в эпосе)
то же, что саадак 1;
коломсоктон ок алып фольк. взяв стрелу из колчана;
коломсокко кол салды, ошо кушка ок алды фольк. сунул он руку в колчан и достал стрелу на ту птицу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калың булгаарыдан, же төөнүн терисинен түбү куушураак, ооз жагы кең кылып жасалган, ичи көңдөй жаанын огун салуучу куту – баштыкча. Коломсок көбүнчө жебенин кабы деген мааниде кеңири колдонулган. Коломсокко кол салып («Манас» С. О.). 2. саадак менен бирдей.

Киргизско-русский словарь Юдахина
место в юрте, где разводится огонь; очаг в юрте для приготовления пищи;
коломтонун башында олтурат он сидит (в юрте) за очагом (на почётном месте);
коломтодон кор чыкты фольк. появились признаки большой опасности (букв. из очага вышла горячая зола);
коломтодон кор чыкты, ушу Букар шаарынан Семетей аттуу зор чыкты фольк. появились признаки большой опасности, в этом городе Бухаре появился богатырь Семетей;
коломто пул или коломто акы ист. подать с дыма;
талаадан издегени дал коломтосунан табылат то, что он ищет в поле (т.е. где-то), найдётся у него в доме (букв. в его очаге).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
колония 1-ге т.; колониалдык, колониялык, колониялуу;
колониальные войска колониалдык войсколор;
колониальная политика колониялык саясат;
колониальный гнёт колониялык эзүү;
колониальные государства колониялуу мамлекеттер.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(биол.) колониялуу организмдер; жыныссыз көбөйгөндө тукумдары энелеринен ажырабай жашай берүүчү суу организмдери. Колонии временные (экол.) — убактылуу колониялар, күнүмдүк колониялар; к. мономорфные (экол.) — мономорфтуу колониялар; к. моноподиальные (экол.) — моноподийлүү колониялар; к. мутовчатые (экол.) — шыпыргы сымак колониялар; к. полиморфные (экол.) — полиморфтуу колониялар; к. постоянные (экол.) — туруктуу колониялар; к. симподиальные (экол.) — симподийлүү колониялар; к. стелющиеся (экол.) — төшөлгөн колониялар; к. стелющиеся эпифиты (экол.) — эпифитколониялар.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
колонизация, колонизациялоо (1. жергиликтүү элди жеңип алып, эксплуатациялап, кыйнап, өлкөнү же крайды империалисттик өлкөнүн колониясына айландыруу; 2. колонисттерди жаңы жерге, өз өлкөсүнүн четине орноштуруу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АБАК-ЖАТАКТАР – этиятсыздыктан жасалган кылмыштары үчүн 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган соттолуучулар (эркектер жана аялдар) жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, ошондой эле жалпы, күчөтүлгөн жана катуу режимдеги түзөтүү жайларынан КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жана негизде которулган соттолуучулар жаза мөөнөттөрүн өтөөчү түзөтүү жайларынын түрү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Империалисттик мамлекет тарабынан күч менен басылып алынган жана эксплуатацияланган өлкө.
2. Түрлүү себептерге, максаттарга (дарылоо, түзөтүү ж. б.) карата ыйгарылып топтолгон адамдардын туруучу жайы. Дудуктар колониясы. Балдар колониясы. колониялык сын. Колонияга таандык.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
колония I
ж.
колония (империалисттик мамлекеттер тарабынан басып алынып, эзилип жана зксплуатацияланып жаткан өлкө).
колония II
ж.
1. (сообщество земляков) колония (кандайдыр бир улуттун чет элдик шаарга же башка өлкөгө көчүп барып, ал жерде чогуу турган адамдары);
2. колония (бир өлкөдөн экинчи бир өлкөгө көчүп барган адамдардын турган жери);
3. (общежитие людей) колония (адамдар атайын тура турган жай);
колония глухонемых дүлөй-дудуктардын тура турган колониясы;
4. зоол. колония (бири-бирине жабышып жашоочу жаныбарлардын түркүмү);
колония кораллов кораллдардын колониясы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛОНИЯ (лат. colonia – калктуу жай) – 1) чет мамлекеттин бийлиги астындагы (метрополий) саясий жана экономикалык өз алдынчалыктарынан ажыратылган жана атайын режимдин негизинде башкарылуучу өлкө же аймак; 2) түзөтүү мекемелеринин бир түрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күч менен, зордук-зомбулук менен басылып алынган жана ээленген өлкө. Империалисттик мамлекеттердин колониялары. 2. Башка өлкөдөн же областтан көчүп келип, белгилүү бир мамлекеттин же областтын территориясына орношкон калктын ошол аймактагы турагы, жашаган кыштактары. Немецтердин падышалык Россиянын жериндеги колониялары, Кара деңиз жээктериндеги байыркы гректердин колониялары. 3. Түрдүү максаттарга ылайык атайын жайгаштырылган адамдардын тобу туруучу жай, турак. Кылмышкерлердин колониясы. Балдар колониясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. колонка (ваннага суу жылыта турган аспап);
газовая колонка газ колонкасы;
2. колонка (газетанын мамычалары; узатасынан кеткен тилкелери);
писать в две колонки эки колонка кылып жазуу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. архит. Имараттардын таштан, цементтен ж. б. материалдардан жасалган бийик тирөөчтөрү.
2. Адамдардын же башка нерселердин бир нече катар болуп жана биринин аркасынан бири тизилип чубалган узун тизмеги. Физкультурниктер колоннасы. Танкылар колоннасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
колонна (1. архит. таштан, металлдан жасалган чоң баганалар, тирөөчтөр; 2. воен. аскер бөлүктөрүнүн белгилүү тартипте тизилиши; 3. биринин артынан бири келе жаткан элдин, нерселердин белгилүү тартипте тизилиши).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Имараттардын таштан, бетондон ж. б. материалдардан жасалган бийик тирөөчтөрү. 2. Кандайдыр бир тарыхый окуянын салтанаты үчүн мамыча түрүндө тургузулган эстелик. 3. Адамдардын же башка нерселердин бир нече катардан турган жана биринин артынан бири тизилип чубаган узун тизмеги. Атчандар колоннасы. Аскерлер колоннасы. Танкалар колоннасы.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«колоң II: колоң чач длинная коса (женская); с длинной косой (красавица); күмүш үндүү, колоң чач фольк. (красавица) с приятным (букв. серебряным) голосом и с длинной косой» (Юдахин 1965:398). Аялдардын чачына карата айтылуучу бул сөз «олоӊ» деп да айтылат: «олоң чач или олоңдой болгон чач толстая и длинная женская коса» (Юдахин 1965). Ал эми олоӊ ат жабдыгын билдирет: «олоң I (или тяньш. олоң тартма) задняя подпруга (прикрепляется к ленчику седла); чап олоң 1) подпруга, проходящая близко к пахам; 2) южн. подпруга бычьего седла; төш олоң передняя подпруга (проходящая близко к передним ногам); олоң баш пряжка передней подпруги; куюшканы куйма алтын, олоң башы оймо алтын фольк. подхвостник у него литого золота, пряжки у него с насечкой золотой; олоң-жырым всякого рода сбруя; сбруя и всякие ремешки» (Юдахин 1965). Этимологдордун ою боюнча, колоӊ «кол олоӊ» (жогорудан көрүнүп тургандай, аттын колуна жакын тартылган басмайыл азыр төш олоӊ деп аталат) дегендин кыскарышынан улам пайда болгон: кол олоӊ > колоӊ (ЭСТЯ 1997:47). Байыркы мезгилде олоӊ кайыштан эле эмес, кылдан да өрүлүп жасалган жана аялдардын коюу, узун чачы ушундан улам жогоркудай айтылып калса керек деп божомолдоого болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
колоң I
парное к койчу и коңшу.
колоң II
колон чач длинная коса (женская); с длинной косой (красавица);
күмүш үндүү, колоң чач фольк. (красавица) с приятным (букв. серебряным) голосом и с длинной косой.
колоң III
кош-колоң вьюк с домашним скарбом;
кош-колоңду арттырып, кебез аркан тарттырып фольк. домашний скарб приказав навьючить и хлопковой верёвкой стянуть.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Картинанын, түстүү гравюранын, фресканын ж. б. белгилүү бирдигин көрсөтүүчү боёктордун, түстөрдүн төп келиши, айкалышы. 2. өт. Бир нерсенин мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн жалпы жыйындысы, негизги белгилерин көрсөткөн касиеттери.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о человеке)
1. большой, дородный и стройный;
колостой болгон балтыр здоровые и ровные икры;
2. перен. прямой, твёрдый;
сөзү эки эмес кишини "колос" деп айтат человека, не меняющего своих решений, называют твёрдым.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. тех. колосник (чоюн мештин оттугундагы күл түшүп, жел өтүүчү тешиктери);
2. колосники мн. театр. колосниктер (декорациялар бекитүү үчүн колдонулуучу төрт кырдуу темир же жыгач; булардан решёткалар жасайт).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. уст. колосс (эң чоң колонна, эң чоң адам статуясы, таштан, гипстен ж.б. жасалган сүрөтү);
2. перен. эң чоң нерсе, эбегейсиз чоң нерсе;
колоссы науки эң чоң окумуштуулар;
колосс на глиняных ногах куурай сан алп; сырты күрсүйгөн, ичи алсыз нерсе.

Киргизско-русский словарь Юдахина
колот I
лог, продолговатая впадина между двумя возвышенностями; узкая горная долина;
колот сайын кур эмес жылып аккан булагы фольк. от тихо текущих родников (там) не свободен ни один лог.
колот- II
понуд. от коло- III
пугать, наводить страх;
мени колотпо ты меня не пугай;
туулгасы болоттон, душманды минтип колоткон фольк. шлем у него стальной, врага он так вот пугал.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. по чему, во что (стучать) ургулоо, соккулоо, каккылоо (мис. эшикти);
2. что, разг. (разбивать) быркыратуу, сындыруу, талкалоо (мис. идишти);
3. кого-что (бить) уруу, тепкилөө, сабоо (мис. кишини).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
колотый I,
­ая, -ое
1. прич. от колоть I;
2. прил. жарылган (о дровах); чагылган (о сахаре).
колотый II,
­ая, -ое
1. прич. от колоть II;
2. прил. сайылган, учтуу нерсе кирген;
колотая рана бир нерсе сайылгандан болгон жаракат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
колоть I
несов. что
(на куски) жаруу (дрова); чагуу, майдалоо (сахар).
колоть II
несов.
1. саюу, сайгылашуу;
колоть иглой ийне менен саюу;
2. безл. сайгылашуу;
у меня в боку колет капталым сайгылашат;
3. кого (убивать) сайып өлтүрүү; союу;
4. кого, перен. (задевать, язвить) какшыктоо, шылдыңдоо;
колоть глаза кекетип мокотуу;
правда глаза колет посл. туура сөз тууганга жакпайт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үй тиричиликте байыртан келе жаткан элдик кесип, улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, чеберчилигинин натыйжасы. Кыргызда кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө оймочулук, саймачылык, зергерчилик (шакек, сөйкө, билерик), жыгаччылык (эмерек, идиш-аяк, токум ж. б.), темирчилик, өрмөчүлүк, бычмачылык, теричилик ж. б. кирет. 2. Кол эмгегине негизделген майда өндүрүш. Кыргызстанда кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (головной убор) калпак (баш кийим);
2. капкак;
стеклянный колпак айнек капкак;
3. перен. (о простаке) телпекпай (колунан эч нерсе келбеген, көрүнгөн бирөөгө алдатып басып жүргөн маңыроо адам).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. уменьш. от колпак 1 кичинекей калпак;
2. уменьш. от колпак 2 кичинекей капкак;
3. тех.: газокалильный колпачок газдын, спирттин, керосиндин жалыны менен ысытуучу аспаптарда жапжарык боло турган тор капкак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
двигаться тяжело, неуклюже;
колпоңдогон көк кытан күч келгенде жанына канат жайып чуркаган фольк. неуклюжая цапля, когда ей грозит опасность, распускает крылья и бежит (делает разбег).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛСАЛБОО ПРИНЦИБИ – 2 дүйнөлүк согуштун аралыгында түзүлгөн эларалык укуктун негизги принциптеринин бири. Бул принциптин негезги арналуу мааниси мамлекеттик көзкарандысыздыктын ажырагыз атрибуту катары ХХ кылымга чейин «согушуу укугун» жойгондугунда, агрессивдүү согуштун укукка каршы келерин тааныгандыгында турат. 1945-жылы БУУнун Уставын кабыл алуу менен К. п. күч колдонбоо принциби болуп калган. Ошентсе да, согуштан кийинки мезгилдеги айрым эл аралык келишимдерде К. с. п. колдонулуп жүрөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу, уруксатсыз менчиктеп алуу. Ачкадан өлсөм өлөм, бирок бирөөнүн ак эмгегине кол салбаймын (Байтемиров). Менин малыма кол салып, семиздеп сойгонду ким коюптур аларга (Бейшеналиев). Ортоктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев). 2. Бирөөгө тийишүү, колу тийүү, уруу. Тоймат хулиганды карыдан алып, бой тиреше кеткен ага артынан жетип кол салды (Өмүрбаев). Шымаланган жигиттер ыкыс берип, Зуураканга кол салганы араң турушат (Сыдыкбеков). 3. Согуш ачуу, уруш баштоо, басып кирүү. Камап турган бул жоого качырып кол салабыз (Турусбеков). Атаман Дутовдун армиясы Кокон, Маргалаңга кол салат экен деген айың тарады (Сасыкбаев). Башчыңа колум саламын бурут, Малыңды талап аламын бурут («Манас»). В.: Тиш салуу. Ач карышкыр кишиге тиш салат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн законсуз өзүнө ыйгарып алуу, уруксатсыз менчиктеп алуу. Ачкадан өлсөм өлөм, бирок бирөөнүн ак эмгегине кол салбаймын (Байтемиров). Менин малыма кол салып, семиздеп сойгонду ким коюптур аларга (Бейшеналиев). Ортоктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев). 2. Бирөөгө тийишүү, колу тийүү, уруу. Тоймат хулиганды карыдан алып, бой тирише кеткен ага атына жетип кол салды (Өмүрбаев). Шымаланган жигиттер ыкыс берип, Зуураканга кол салганы араң турушат (Сыдыкбеков). 3. Согуш ачуу, уруш баштоо, басып кирүү. Атаман Дутовдун армиясы Кокон, Маргалаңга кол салат экен деген айың тарады (Сасыкбаев). Башчыңа колум саламын бурут, Малыңды талап аламын бурут («Манас»). 4. Тиш салуу. Ач карышкыр кишиге тиш салат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көздөгөн максатка, ойлогон ойго жетүүгө умтулуу, аракет кылуу, далалаттануу. Балам, болбос ишке бекер кол сунба, - деди («Ала-Тоо»). Пайдаланып алтын жаштан, Кол сунгула жылдызга (Аалы). Кол сунам сендей селкиге («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көздөгөн максатка, ойлогон ойго жетүүгө умтулуу, аракет кылуу, далалаттануу. Балам, болбос ишке бекер кол сунба, – деди («Ала-Тоо»). Пайдаланып алтын жаштан, Кол сунгула жылдызга (Токомбаев). Кол сунам сендей селкиге («Чалкан»). Пайдаланып алтын жаштан, Кол сунгула жылдызга (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга, иштөөгө бир аз катышкан болуу, көмөктөшүү. Акман талаа жумуштарына да кол тийгизишет (Сыдыкбеков). Ага чоң да, кичине да кол тийгизип иштеп жатышат (Сыдыкбеков). - Айтпадымбы. Сырткы, ички көр оокатка колуңду тийгизбе. Өзүм тейлейм (Бейшеналиев). 2. Бирөөнү чаап жиберүү, уруп же муштап ийүү. Саадатка сөз эмес кол тийгизе турган болуп жүрүп, акыры иштин акыйкатына көзү жеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга, иштөөгө бир аз катышкан болуу, көмөктөшүү. Акман талаа жумуштарына да кол тийгизишет (Сыдыкбеков). Ага чоң да, кичине да кол тийгизип иштеп жатышат (Сыдыкбеков). – Айтпадымбы. Сырткы, ички көр оокатка колуңду тийгизбе. Өзүм тейлейм (Бейшеналиев). 2. Бирөөнү чаап жиберүү, уруп же муштап ийүү. Саадатка сөз эмес кол тийгизе турган болуп жүрүп, акыры иштин акыйкатына көзү жеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Абдукаимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподобляться в своих движениях короткому, толстому и неуклюжему;
көчө таптап колтоңдоп басып жүргөнчө өлсөнчү! лучше бы ты умер, чем болтаться, граня мостовую (букв. утаптывая улицы) !

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эпилдеп-жепилдеп бирөөгө жалынып, ишенимге өтүүгө, өз кишисиндей болуп жакындашып, аралашып кетүүгө аракеттенүү. Курманбай мен жокто таенемдин колтугуна кирип алып, жамандай берчү (Элебаев). В.: Коюн-колтугуна кирүү. Салийма эбиреп-жебиреп, Мария Петрованын коюн-колтугуна кирип кетти (Абдукаимов). Бошкой ырчы Мусакожо чоң болуштун укум-тукумунан бери мактап, коюн-колтугуна кирген (Бейшеналиев).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Фразеологизмдерди көп жылдардан бери изилдеп келе жаткан окумуштуу Раимжан Эгембердиевдин ою боюнча, бул фразеологизмдин келип чыгышы короз же бөдөнө уруштуруу менен байланыштуу. Урушпай туруп алган короздун же бөдөнөнүн колтугуна муздак суу бүрккөндө, жаалданган немелер дароо тебише кетет дейт.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө каршы көкүтүү, астыртан тукуруп, шилтеп коюу. Караңгы кишилерди көкүтүп, колтугуна суу бүркөт (Бектенов). Момундардын колтугуна суу бүркүп, Самсахунга карай бет алдырууда (Жантөшев). Анын колтугуна суу бүркүп, мага аябай тукуруптур («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө каршы көкүтүү, астыртан тукуруп, шилтеп коюу. Караңгы кишилерди көкүтүп, колтугуна суу бүркөт (Бектенов). Момундардын колтугуна суу бүркүп, Самсахунга карай бет алдырууда (Жантөшев). Анын колтугуна суу бүркүп, мага аябай тукуруптур («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
подмышки, место под мышками;
китепти колтукка кысып алды он взял книгу под мышку;
такыр колтук место немного ниже подмышечного углубления (удар в это место копьём, мечом считается смертельным);
"такыр колтук, өпкө" деп, Конокбай кылыч салды дейт фольк. это-де подмышки и лёгкое, Конокбай (сюда) вонзил меч;
тар колтук подмышечная часть (когда рука прижата);
колтугуна кол салып заложив руку ему под мышку (напр. подсаживая на коня);
колтукка ал- взять под крылышко;
колтугу согот или колтугу кагат у него пульс бьётся; он жив;
кичине эле колтугу согот у него пульс чуть бьётся; он чуть жив;
колтук ач- выдать секрет; проявить слабость, спасовать, поддаться;
миңден бири качпаган, душманга колтук ачпаган он один не бежит от тысячи, не поддаётся врагу;
намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? фольк. если у джигита есть честь, разве он проявит слабость перед врагом?
жел колтук (о человеке) легкомысленный;
коюн-колтук (иногда неправ. коён-колтук) объятия крест-накрест (когда обнимающиеся кладут друг другу одну руку через плечо, а другую - под мышку);
коюн-колтук алып кармаш- обниматься (при встрече) крест-накрест;
коюн-колтук алып күрөш- бороться, схватившись руками крест-накрест;
коюн-колтук алышкан тааныш закадычный друг;
коюн-колтук алышып, алым-берим кылышып фольк. став закадычными друзьями и ведя взаимные сделки;
бир колтук отун пол-охапки дров;
колтукка суу бүрк- подстрекать; подзуживать;
колтугуна суу бүркүп жүрөт он его подстрекает;
колтукка түрт-
1) ткнуть в бок;
2) намекнуть, подтолкнуть (на хорошее или плохое);
аны "кой-кой" деп, колтукка түрткен эч ким болгон жок не оказалось никого, кто бы остановил его, сказав: "оставь, оставь" (т.е. перестань, перестань);
ак колтук (при игре в тогуз коргол; см. коргол) третья лунка с левой стороны.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Колдун ийин менен туташкан астыңкы бети, капталдын үстүңкү бөлүгү. Алым оң колтугунан кармай калды (Жантөшев).
2. өт. Кысык, бурч, түп. [Паровоз].. бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев). Шарип сүрүшүп отуруп, деканаттын колтугундагы дубалда илинген витринага жакындады (Бейшеналиев).
¨ Колтук ачуу — сыр билдирүү, сыр алдыруу. Бир ооздуу болгула, тыш келгендерге колтук ачпагыла (Убукеев). Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы («Манас»). Колтугуна суу бүркүүкөкүтүү, бирөөгө каршы шилтеп коюу. Алардын [кожоюндардын] колтугуна суу бүркүп... большевиктерге бычагын курчутуп жаткандарБугимов өңдүү бузукулар (Сасыкбаев). Такыр колтукколтуктун башы. Такыр колтук, өпкө деп, Конокбай кылыч салды дейт («Эр Төштүк»). Бир колтукбир кол менен капталга кыса колтукталган нерсенин өлчөмү. Саякатка чыккан балдар.. бир колтук ышкынды.. көтөрүп келишкен (Сыдыкбеков). Коюн-колтук алышуу — 1) күрөшкөндө бир колду экинчи кишинин колунун астынан, бирөөнү сыртынан өткөрүп, белден же курдан алып кармоо; 2) достошуу, жакын, ысык болушуу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кол+тук бөлүктөрүнөн куралган. Мааниси белгисиз болгон тук бөлүгү алгачкы түп сөзүнүн өзгөргөнү дешке болот. «Колдун түбү» деген маанидеги кол+түп сөздөрү бириккенде биринчи сөздөгү эринчил о тыбышына ээрчип, экинчи муундагы у тыбышыка өтүү менен чектелбестен, сөздүн аягында п тыбышы к тыбышына алмашуусу менен коштолгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдун ийин менен туташкан жеринин ички бети, капталдын үстүнкү бөлүгү. Атам Бердикени колтугунан сүйөп, өзү атказды (Касымбеков). Медет кудуңдап, китепти колтугуна кысты (Каимов). 2. өт. Кысык, бурч, түп. Ошол Үч-Таштын чыгыш жаккы колтугундагы ашууну ары ашса, аркы бети – Ат-Башы (Жантөшев). Паровоз бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев). Менден бири качпаган, Душманга колтук ачпаган (Токомбаев). Дос бололу, Кожокан, Душманга колтук ачпаска (Осмонкул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Колтуктан алып сүйөө, жөлөө. Шарип менен Самар аттан түшүп.. чоң атаны колтуктап алышты (Бейшеналиев).
  1. 2.                  Колтукка бир нерсени кысып алуу. Керимакун чепкенин колтуктап сыртка.. жөнөдү (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колтугунан алып сүйөө, жөлөө, колтугуна кысуу. Сүйгөн кызын колтуктап көчөдө баскан жигиттер («Чалкан»). Түнкатарды колтуктап, аттан түшүрдү (Жантөшев). 2. Колтукка бир нерсени кысып алуу, кучактоо. Сыланов чоң портфелин колтуктап, машинадан секин гана түштү (Каимов). Ышкынын терип колтуктап, Ырдашчу элек Көк-Белде («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде колтурмач сөзү мындай учурларда айтылат: 1) жаңы атка минген жаш бала жыгылып кетпесин үчүн айырмач ээрдин башынан жип өткөзүп, баланын колтугунан чырмап коюуда; 2) отунду, жүктү көтөрүү жеңил болсун үчүн жиптин учун эки колтук аркылуу өткөрүп көтөрүүдө. Колтурмач сөзү колтук+чырмаш деген эки сөздүн биригишинен куралган. Эки сөз бириккенде биринчи сөздүн аяккы тыбышы жана экинчи сөздүн башкы тыбышы түшүп калган: колтук+чырмаш>колту(кч) ырмаш>колтурмач. Ошону менен бирге сөздүн аягындагы ш тыбышы ч тыбышына өтүп, экинчи сөздүн үндүүлөрү биринчи сөздөгү үндүүлөргө ээрчип, колтурмач түрүнө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёону билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёну билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей куурап жүрүп өт, – деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң, ашка жетпей... куурап жүрүп өт, - деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов). В.: Колу-жолу байлануу. Менин колу-жолум байлануу. Күн-түн дебей, ата, энем кайтарууга алды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылганменен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Ленинчил жаш»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылган менен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Адабий гезит»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бош учуру, мүмкүнчүлүгү, убактысы болуу. Колу бошой калганда энеси тээкке керип көрсөтүп берген сайманы саят (Сыдыкбеков). Үй турмушка бышык Сабира колу бошогон учурда энесине каралашып турду (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. 2. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 3. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, - деди кемпир врач кызга («Жаш ленинчи»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, ак жолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... Менин көксөгөнүмдүн жолдугу го башка? (Бейшеналиев). Айылда бир бүбү кемпир бар эле. Ошого жөнөдү. Анын колу жеңил. Анча-мынча ооруну айыктыра коёт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 2. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, – деди кемпир эмчи кызга («Агым»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, акжолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардар, колунда бар, жетиштүү. Небере-чөбөрөлүү, малдуу, колу жетик жашайт экен (Бейшеналиев). Үйдүн керегелерин камыш менен калкалап коюуга ойлору жеткен да, колдору жетик эмес (Убукеев). В.: Колу жуктуу. Колу жуктуу туугандары каралашчу, кыл куйрукту да ошо тапмак (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда жок, жетиштүү турмушта эмес, оокат-тиричилиги чабал, жоксуз. Колунда бар кишилерге эчтеке эмес, айрыкча колу жука адамдар карызга батат («Аалам»). В.: Колу тайкы. Колу тайкы болгон менен дили бай азаматтын делебеси козуп, манаптын бой жеткен кызына ашык болот (Бейшеналиев). Колу тайкы адамга Дос болбогон Чагырбай (Токтогул). Колу тайкы, калың төлөөгө кудуретсиз, бой, жалчы жигиттер кубатташты (Бейшеналиев). Колу кыска. Ойдо бар, бирок кол кыска.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. невеста;
Темиркан кызы Каныкей, колукту кылып, алыңыз фольк. Каныкей, дочь Темирхана, вы засватайте (букв. сделайте своей невестой);
басып келди эр Манас, колуктунун койнуна фольк. подошёл богатырь Манас, чтобы лечь в объятия невесты;
2. молодая жена молодого мужа.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйөө боло турган жигити бар кыз, кайыны бар, кайындуу кыз. Мен үйлөнө турган колуктумду өмүрүмдө көргөн эмесмин (Абдукаримов). 2. Жаш келин, жаш аял. Колуктусун башынан аягына чейин нечен жолу имерип карады (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков). Колу кыска, болбосо ал бүт дүйнөнү өрттөп, өзүнүн ушул азаттуу жүрүшү үчүн өч алат беле (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. колу жука. 2. Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюдан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюудан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымкан менен эже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев). Ошол жумуштарын иштеп алгыча, биз ага колубуздан келишинче жардамдашып, колуна кол, бутуна бут болуп беришибиз керек (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымканмененэже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»). Бул сенин колуңдан келет деген ойдобуз, сен гана жарай аласың («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Жаш келиндин колунан көөр төгүлүп турганы жакшы (Сыдыкбеков). Рудольф колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы уста (Баялинов). Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, – деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, - деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»). Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да болот (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛУН БООРУНА АЛУУ — жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:
Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда
Жаш төгүлүп койнуна (Сагымбай Орозбаков, 2. 218)
Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үйүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кең пейил, бейпил тартты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов). Жарды туугандарым менин колумду карап отурат («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов). Айлана-кийинки убактардын ичинде бир далай эле жуучулар келип анын колун сураган болчу (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж.б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж. б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). – Үйлөнө элексиңби? – Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). - Үйлөнө элексиңби? - Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунан оңой менен эч нерсе чыкпаган, катуу, зыкым, сараң. Колу тарды март кылып, сандыктан нан алдырган (Осмонов). В.: Колу кууш. Демейде колу кууш жеңе бүгүн эмне үчүндүр берешен, март («Чалкан»). Колу чүрүш. Чүмчүңдөгөн колу чүрүш неме экен, көп деле жарыта алган жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Майда-чуйда нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, колузарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). - Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң, узарды (Эралиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, кол узарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). – Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң узарды (Эралиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алам деп турган нерсесин ала албай умсунуп калуу, оңтойсуз абалда калуу, шагы сынуу. – О-о! Колуң уялбасын. Мунун кунуна менин күржүйгөн байым түшүнөт дейсиңби (Бейшеналиев). Мэ, колуң уялбасын алып тур (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Байланышпай, барышып-келишпей, катышпай, катташпай калуу, байланышы болбой калуу. Катышып кол үзбөй турганыбыз да дурус (Бейшеналиев). Атай Маматтан кол үзөйүн десе, Седеп менен жолугушууга мүмкүндүк берген ушул үй гана (Каимов). Мен да сага ошондон кол үз деп айтканы жаткам (Саатов). 2. Бир нерседен ажыроо, айрылуу, такыр кол жууп калуу, жок болуу. Биз биртике эле көзүбүз мындай боло калса, жылкылардан кол үзүп кала турганбыз (Баялинов). Врачтар болбогондо жаштайынан жарыкчылыктан кол үзмөк («Ден соолук»)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байланышпай, барышып-келишпей, катышпай, катташпай калуу, байланышы болбой калуу. Катышып кол үзбөй турганыбыз да дурус (Бейшеналиев). Атай Маматтан кол үзөйүн десе, Седеп менен жолугушууга мүмкүндүк берген ушул үй гана (Каимов). Мен да сага ошондон кол үз деп айтканы жаткам. (Саатов). 2. Бир нерседен ажыроо, айрылуу, такыр кол жууп калуу, жок болуу. Биз биртике эле көзүбүз мындай боло калса, жылкылардан кол үзүп кала турганбыз (Баялинов). Врачтар болбогондо жаштайынан жарыкчылыктан кол үзмөк («Ден соолук»)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Коллективдүү чарба (негизги өндүрүш каражаттарын коомдоштурууга негизделип, айыл чарбачылыгын биргелешип жүргүзүү, өнүктүрүү үчүн коллективдешкен эмгекчи дыйкандардын социалисттик формадагы өндүрүштүк бирикмеси); колхоз мүчөлөрүнүн жалпы тобу, коллективи.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Коллективдүү чарба (негизги өндүрүш каражаттарын коомдоштурууга негизделген, айыл чарбачылыгын биргелешип жүргүзүү, өнүктүрүү үчүн коллективдешкен эмгекчи дыйкандардын социалисттик формадагы өндүрүштүк бирикмеси). Алдыңкы колхоз. Миллионер колхоз. Ордендүү колхоз. || Колхоз мүчөлөрүнүн жалпы тобу, коллективи. Жатпай ишке чыкканын, Жалпы колхоз билишти (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыйылып-жазыла турган бөлүгү кездеме менен капталып сабынын баш жагына орнотулган, жаандан, күндөн сактануу үчүн колдонулуучу калканч. Кыз үйгө кирип, чемоданы менен кол чатырын үйгө койду (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Колу менен белги берүү. Жолдошу акырын кол шилтеп койду («Бишкек шамы»). 2. Эч нерсеге карабай, бардыгын таштап салуу, мейли кереги жок деп коюу, бардыгына көз жумуу. Сабира бул өңдүү ойлорго коп баткан сайын, акыры баарына кол шилтеп баса берди (Абдукаримов). Акыры баарына колун шилтеп көз жумдуга салды (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колу менен белги берүү. Жолдошу акырын кол шилтеп койду («Бишкек шамы»). 2. Эч нерсеге карабай, бардыгын таштап салуу, мейли кереги жок деп коюу, бардыгына көз жумуу. Сабира бул өңдүү ойлорго көп баткан сайын, акыры баарына кол шилтеп баса берди (Абдукаримов). Акыры баарына колун шилтеп көз жумдуга салды (Абдукаимов).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. что (деревья) жемиш жыгачты зыянкечтерден сактоо үчүн чайыр менен тегерете майлап таңуу;
2. кого-что (птиц, рыб) балыктын куйругуна же куштук бутуна текшерүү максаты менен тогоо кийгизүү.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Gasterosteiformes) тикенканат түспөлдүүлөр; балыктардын бир түркүмү, булардын кыйла тукуму, уруусу жана түрү бар: колюшка аральская (Pungitius aralensis) — Арал тикенканаты, к.  двуиглая (Gastorosteus wheatlandi) — эки ийнелүү тикенканат, к.  девятииглая (Pungitius pungitius) - тогуз ийнелүү тикенканат, к.  длиннорылая (Aulorhynchus flavidus) — узун тумшук тикенканат, к.  д. японская (Aulichthys japonicus) — жапондун узун тумшук тикенканаты, к.  малая южная (Pungitius platygaster) — жазы курсак тикенканат, к.  морская (Spinachia spinachia) — деңиздин тикенканаты, к.  трехиглая (Gasterosteus aculeatus) — үч ийнелүү тикенканат, к.  ручьевая (Eucalia inconetans) — булактын тикенканаты, к.  четырехиглая (Apeltes quadracus) — төрт ийнелүү тикенканат, колюшки аулоринховые — к.  колюшки длиннорылые, к.  девятииглые — к.  к.  малые, к.  длиннорылые (Aulorhynchus) — узун тумшук тикенканаттар (уруу), к.  малые (Pungitius) — кидик тикенканаттар (уруу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичинекей баланы (көбүнчө буту баса элек баланы) салып, түртүп жүрүүгө ылайыкталган төрт дөңгөлөктүү кичине араба. Айна Дзержинский көчөсүндө көгүш түстөгү коляскага сегиз айлык кызын отургузуп, сейилдеп жүргөн эле (Шимеев). 2. Мотоциклге чиркелген же майыптар түшүүгө ылайыкталган кичинекей араба.