КОЛТУК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Колдун ийин менен туташкан жеринин ички бети, капталдын үстүнкү бөлүгү. Атам Бердикени колтугунан сүйөп, өзү атказды (Касымбеков). Медет кудуңдап, китепти колтугуна кысты (Каимов). 2. өт. Кысык, бурч, түп. Ошол Үч-Таштын чыгыш жаккы колтугундагы ашууну ары ашса, аркы бети – Ат-Башы (Жантөшев). Паровоз бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев).