Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жолтоолук, тоскоолдук кылуучу, убактысын алып буйдалтуучу, будоо болуучу. Көрсө, мен алдына өңөрүлүп, энеме кол байлоо болуп жатыпмын (Сыдыкбеков). Кол байлоо болчу жүктөрү жок, Батийналар поезд токтосо болду, шып түшүп кетишке белен (Сыдыкбеков). Жалчылык гана кол байлоо болуп турат («Ала-Тоо»),