Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Колдун ийин менен туташкан астыңкы бети, капталдын үстүңкү бөлүгү. Алым оң колтугунан кармай калды (Жантөшев).
2. өт. Кысык, бурч, түп. [Паровоз].. бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев). Шарип сүрүшүп отуруп, деканаттын колтугундагы дубалда илинген витринага жакындады (Бейшеналиев).
¨ Колтук ачуу — сыр билдирүү, сыр алдыруу. Бир ооздуу болгула, тыш келгендерге колтук ачпагыла (Убукеев). Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы («Манас»). Колтугуна суу бүркүүкөкүтүү, бирөөгө каршы шилтеп коюу. Алардын [кожоюндардын] колтугуна суу бүркүп... большевиктерге бычагын курчутуп жаткандарБугимов өңдүү бузукулар (Сасыкбаев). Такыр колтукколтуктун башы. Такыр колтук, өпкө деп, Конокбай кылыч салды дейт («Эр Төштүк»). Бир колтукбир кол менен капталга кыса колтукталган нерсенин өлчөмү. Саякатка чыккан балдар.. бир колтук ышкынды.. көтөрүп келишкен (Сыдыкбеков). Коюн-колтук алышуу — 1) күрөшкөндө бир колду экинчи кишинин колунун астынан, бирөөнү сыртынан өткөрүп, белден же курдан алып кармоо; 2) достошуу, жакын, ысык болушуу.