Киргизско-русский словарь Юдахина
подмышки, место под мышками;
китепти колтукка кысып алды он взял книгу под мышку;
такыр колтук место немного ниже подмышечного углубления (удар в это место копьём, мечом считается смертельным);
"такыр колтук, өпкө" деп, Конокбай кылыч салды дейт фольк. это-де подмышки и лёгкое, Конокбай (сюда) вонзил меч;
тар колтук подмышечная часть (когда рука прижата);
колтугуна кол салып заложив руку ему под мышку (напр. подсаживая на коня);
колтукка ал- взять под крылышко;
колтугу согот или колтугу кагат у него пульс бьётся; он жив;
кичине эле колтугу согот у него пульс чуть бьётся; он чуть жив;
колтук ач- выдать секрет; проявить слабость, спасовать, поддаться;
миңден бири качпаган, душманга колтук ачпаган он один не бежит от тысячи, не поддаётся врагу;
намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? фольк. если у джигита есть честь, разве он проявит слабость перед врагом?
жел колтук (о человеке) легкомысленный;
коюн-колтук (иногда неправ. коён-колтук) объятия крест-накрест (когда обнимающиеся кладут друг другу одну руку через плечо, а другую - под мышку);
коюн-колтук алып кармаш- обниматься (при встрече) крест-накрест;
коюн-колтук алып күрөш- бороться, схватившись руками крест-накрест;
коюн-колтук алышкан тааныш закадычный друг;
коюн-колтук алышып, алым-берим кылышып фольк. став закадычными друзьями и ведя взаимные сделки;
бир колтук отун пол-охапки дров;
колтукка суу бүрк- подстрекать; подзуживать;
колтугуна суу бүркүп жүрөт он его подстрекает;
колтукка түрт-
1) ткнуть в бок;
2) намекнуть, подтолкнуть (на хорошее или плохое);
аны "кой-кой" деп, колтукка түрткен эч ким болгон жок не оказалось никого, кто бы остановил его, сказав: "оставь, оставь" (т.е. перестань, перестань);
ак колтук (при игре в тогуз коргол; см. коргол) третья лунка с левой стороны.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Колдун ийин менен туташкан астыңкы бети, капталдын үстүңкү бөлүгү. Алым оң колтугунан кармай калды (Жантөшев).
2. өт. Кысык, бурч, түп. [Паровоз].. бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев). Шарип сүрүшүп отуруп, деканаттын колтугундагы дубалда илинген витринага жакындады (Бейшеналиев).
¨ Колтук ачуу — сыр билдирүү, сыр алдыруу. Бир ооздуу болгула, тыш келгендерге колтук ачпагыла (Убукеев). Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы («Манас»). Колтугуна суу бүркүүкөкүтүү, бирөөгө каршы шилтеп коюу. Алардын [кожоюндардын] колтугуна суу бүркүп... большевиктерге бычагын курчутуп жаткандарБугимов өңдүү бузукулар (Сасыкбаев). Такыр колтукколтуктун башы. Такыр колтук, өпкө деп, Конокбай кылыч салды дейт («Эр Төштүк»). Бир колтукбир кол менен капталга кыса колтукталган нерсенин өлчөмү. Саякатка чыккан балдар.. бир колтук ышкынды.. көтөрүп келишкен (Сыдыкбеков). Коюн-колтук алышуу — 1) күрөшкөндө бир колду экинчи кишинин колунун астынан, бирөөнү сыртынан өткөрүп, белден же курдан алып кармоо; 2) достошуу, жакын, ысык болушуу.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кол+тук бөлүктөрүнөн куралган. Мааниси белгисиз болгон тук бөлүгү алгачкы түп сөзүнүн өзгөргөнү дешке болот. «Колдун түбү» деген маанидеги кол+түп сөздөрү бириккенде биринчи сөздөгү эринчил о тыбышына ээрчип, экинчи муундагы у тыбышыка өтүү менен чектелбестен, сөздүн аягында п тыбышы к тыбышына алмашуусу менен коштолгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдун ийин менен туташкан жеринин ички бети, капталдын үстүнкү бөлүгү. Атам Бердикени колтугунан сүйөп, өзү атказды (Касымбеков). Медет кудуңдап, китепти колтугуна кысты (Каимов). 2. өт. Кысык, бурч, түп. Ошол Үч-Таштын чыгыш жаккы колтугундагы ашууну ары ашса, аркы бети – Ат-Башы (Жантөшев). Паровоз бийик жылганын колтугуна кирип токтоду (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев). Менден бири качпаган, Душманга колтук ачпаган (Токомбаев). Дос бололу, Кожокан, Душманга колтук ачпаска (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Колтуктан алып сүйөө, жөлөө. Шарип менен Самар аттан түшүп.. чоң атаны колтуктап алышты (Бейшеналиев).
  1. 2.                  Колтукка бир нерсени кысып алуу. Керимакун чепкенин колтуктап сыртка.. жөнөдү (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колтугунан алып сүйөө, жөлөө, колтугуна кысуу. Сүйгөн кызын колтуктап көчөдө баскан жигиттер («Чалкан»). Түнкатарды колтуктап, аттан түшүрдү (Жантөшев). 2. Колтукка бир нерсени кысып алуу, кучактоо. Сыланов чоң портфелин колтуктап, машинадан секин гана түштү (Каимов). Ышкынын терип колтуктап, Ырдашчу элек Көк-Белде («Ала-Тоо»).