Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Душманга ички сырды билдирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, чыккынчылык кылуу, ичинен орун берүү. Намысы болсо жигиттин, жоого колтук ачабы? («Семетей»). Ким болсо да душманга колтук ачса, чоңойткон жердин тузуна кара санаса, тагдыры так ушундай болот (Борбугулов). Келдибек уулуна колтук ачып, жасакерленип жүргөндөр да бар экен (Бейшеналиев).