КОЛТУК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз кол+тук бөлүктөрүнөн куралган. Мааниси белгисиз болгон тук бөлүгү алгачкы түп сөзүнүн өзгөргөнү дешке болот. «Колдун түбү» деген маанидеги кол+түп сөздөрү бириккенде биринчи сөздөгү эринчил о тыбышына ээрчип, экинчи муундагы у тыбышыка өтүү менен чектелбестен, сөздүн аягында п тыбышы к тыбышына алмашуусу менен коштолгон.