КОЛГО АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ишти же башка нерсени жөнгө салуу, жакшыртуу аракетинде болуу, өйдөлөтүүгө, оңдоого катуу аракеттенүү, белсенип киришүү. Өзүң жакшылап колго алсаң, бат эле адам болуп кетет күйөөң (Сыдыкбеков). Чарба төмөндөп кетти, колго албасак болбойт («Чалкан»). 2. Бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айткан-дегенинен чыкпай тургандай кылып, аны менен мамиле түзүп, муютуп коюу, өз кишиси кылып алуу. Курманбекти колго алсаң, Анан жоону жеңесиң («Курманбек»). Шаймердендер ошол Качыкени колго алууну ылайык көрүшкөн (Сыдыкбеков). Обулуста чоң кызматта иштеген тааныштарды колго алып, өзүнө жакын кедейлердин уулун кызматка көтөрүү максатын көздөдү (Каимов). Айтор, эртеңки күн өздөрү үчүн кандай болорун бүрүл баамдаган өкмөттүн жаш өкүлүн жакшылап колго алып коёлу деген ойдо Качыкенин ич-койнуна киришти (Сыдыкбеков).