ж.
коллизия (карама-каршы кырдаалдардын, сезимдердин же таламдардын кагылышуусу).
Коллизия (карама-каршы кырдаалдардын,сезимдердин же таламдардын кагылышуусу)
1. Карама-каршы көз караштардын, умтулуулардын, кызыгуулардын кагылышы. 2. Көркөм чыгармадагы турмуштук конфликттердин жана күрөштүн сүрөттөлүшү.
Мыйзамдар коллизиясы (кагылышы)
МЫЙЗАМДАР КОЛЛИЗИЯСЫ (КАГЫЛЫШЫ) – бир эле маселе боюнча чыгарылган 2 же андан көп шарттуу аракеттеги ченемдик актылардын бири-бирине карама-каршылыгы (кагылышуусу). М. к. (белгилүү эрежелер боюнча) каралып жаткан кырдаалга колдонулуусу мүмкүн болгон ченемдик актыны тандап алуу жолу менен чечилет (м.: бирдей күчкө ээ 2 юридикалык актынын убактысы боюнча кийинки кабыл алынганы, атайын акты жалпы актынын алдында артыкчылыкка ээ болот.)
КОЛЛИЗИЯЛЫК БАЙЛАМТА – ошол укук мамилелерине колдонулушу мүмкүн болгон мыйзамды (укук тутумун) көрсөтүүчү коллизиялык ченемдин курамдык бөлүгү. Баардык К. б-лар байламталардын формулалары же коллизиялык принциби деп аталган бир нече түргө бөлүнөт (м.: адамдын жарандыгынын мыйзамы (lex patriae ), адамдын жашаган жеринин мыйзамы (lex domicilii ), буюм жайгашкан жердин мыйзамы (lex rei sitае ), келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы (lex loсi contractus ), келишимди аткаруучу жердин мыйзамы (lex loсi solutions ), зыян келтирген жердин мыйзамы (lex loсi delicti commissi ) ж. б).
КОЛЛИЗИЯЛЫК УКУК – аркыл мамлекеттердин («тышкы» К. у.) мыйзамдарынын же бир мамлекеттин ченемдик актыларынын («ички» К. у.) ортосундагы коллизияларды чечүүчү ченемдердин жыйындысы. «Тышкы» К. у. эларалык жеке укуктун курамына кирет. Бир катар өлкөлөрдө (Улуу Британия, АКШ ж. б.) «эларалык жеке укук» түшүнүгү К. у. түшүнүгү менен окшоштурулат. «Ички» К. у. федералдык укуктун жана федерациянын субъектисинин укуктарынын ортосундагы карама-каршылыктар чыгуусу мүмкүн болгон федеративдик мамлекеттерде өзгөчө мааниге ээ болот.
КОЛЛИЗИЯЛЫК ЧЕНЕМ (лат. collisio – кагылышуу) – эларалык мүнөздөгү жарандык, үйбүлөлүк, эмгектик мамилелерге карата кайсы мамлекеттин укуктары колдонулууга тийиш экенин же болбосо мамлекеттик ички юридикалык карама-каршылыктарда (коллизияда) кандай ченемдик укук акты колдонулууга жатарын көрсөтүүчү ченем. К. ч. ошондой эле улуттук жана эларалык укуктун ортосундагы карама-каршылыктарды чечүүнүн принциптерин да аныктоосу ыктымал. Эларалык жеке укукта К. ч. адатта, кандайдыр бир мамлекеттин укугуна көрсөтпөстөн, укукту пайдалануунун принциби аныкталуучу абстрактуу эреже катары калыптандырылат (м.: адамдын жарандык мыйзамы, келишим түзүлгөн жердин мыйзамы, буюм жайгашкан жердин мыйзамы, нике катталган жердин мыйзамы ж. б.).