Коллизия законов
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МЫЙЗАМДАР КОЛЛИЗИЯСЫ (КАГЫЛЫШЫ) – бир эле маселе боюнча чыгарылган 2 же андан көп шарттуу аракеттеги ченемдик актылардын бири-бирине карама-каршылыгы (кагылышуусу). М. к. (белгилүү эрежелер боюнча) каралып жаткан кырдаалга колдонулуусу мүмкүн болгон ченемдик актыны тандап алуу жолу менен чечилет (м.: бирдей күчкө ээ 2 юридикалык актынын убактысы боюнча кийинки кабыл алынганы, атайын акты жалпы актынын алдында артыкчылыкка ээ болот.)