КОЛ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КОЛ — эпосто аскердик чакан отряддан баштап, аскердик зор бөлүктөргө чейинки түшүнүктү билдирет. К. көбүнчө жоокердик атчан ири бөлүктөрдү түшүндүрөт: Отуз түмөн орчун кол Он кишиче көрүнбөс, Жараткан өзүң жардам бол, Сапарга чыккан он миң кол (Сагымбай Орозбаков, 4. 101).