Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).