Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»). В.: Колдон түшкөн. – Ай таң. Бала чагында эле куулдак эле. Колдон түшкөн берен болуптур (Бейшеналиев).