Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Жарды туугандарым минтип, колго карап отурат, Биздин деле алыбыз чак («Ала-Тоо»). 2. Жайылып оттой албай, колдон жем-чөп жеп, колго багылып калуу (малга карата). Топоз кышында башка малдай колго карабайт (Абдукаримов). В.: Колду кароо. Ырысы жок жетимдер да биздин колду карап отурат (Элебаев). Жер ала-телек болуп, мал анча колду карабай калды (Абдыраманов).