Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кечирим суроо, сурануу, алдына түшүү, өтүнүү, өтүнүч кылуу. Иманахун кол куушуруп, Ражаб менен коштошту (Абдукаримов). Биз жоого кол куушуруп, баш ийбейбиз (Маликов). Тебетейимди колтугума кысып, кол куушуруп, мөгөдөй ийилип бий алдында мөгдөдүм (Сыдыкбеков). Күнөөсүн кечкин, кызым! – деп, кол куушуруп сурады (Барпы). Кол куушуруп кудаларың келет, андан көрө ошолорду күт («Чалкан»). 2. Баш ийүү, багынуу. Азаматтар эл намысын сактаган, кол куушуруп, бут кучактап жатпаган (Маликов), Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп, жолуна бөгөт болбоюн дегениңби? (Бейшеналиев).