Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛЖАЗМА – криминалчылыкта текстти жазууда колдун кыймылы калтыруучу из; бул изди (ойдогудай шарттарда) өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам башкалар менен алмаштыруу мүмкүн эмес жана салыштырмалуутуруктуу болот, ошондуктан белгилүү бир К. үлгүлөрүнүн дайындуу бир адамга таандык экенин айкындоого болот. Цифралардан куралган жазуу материалдары да «К.» түшүнүгү менен камтылат.