Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бат эле жок болуп, түгөнүп кала турган, тез жоголуп кетме, түбөлүктүү эмес. Курган мал колдун кириндей беле? Ушинтип бир күндө кедей болуп калабы, кудай (Сыдыкбеков). Дүйнө, жашоо дегендин өзү колдун кириндей нерсеби? (Садыбакасов).