android
Англо-кыргызский словарь Т. Абдиева и Л. Сыдыковой (2015)(n) андроид, киши сымал робот
Android — смартфон, планшет, санарип ойноткуч, кол саат, фитнес-билерик, оюн консолдору, ноутбук, телевизор, автомобилдин медиа борбору, тиричилик роботтору үчүн Google тарабынан иштелип чыккан мобилдик операциондук систем.
Linux өзөгүнүн жана баштапкы коду ачык программалык камсыздоонун негизинде түзүлгөн. Алгач Android Inc. компаниясы тарабынан иштелип чыккан, кийинчерээк аны Google сатып алган. Натыйжасында Google Open Handset Alliance (OHA) альянсын түзүүнү демилге кылып чыккан, азыр да алар платформаны колдоо жана өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келе жатышат. Android - Google китепканасы аркылуу түзүлгөн Java application жаcаганга мүмкүнчүлүк берип, түзмөк аркылуу башкарылат.