КОЛГО АЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Ишти же башка нерсени жөнгө салуу, жакшыртуу аракетинде болуу, өйдөлөтүүгө, оңдоого катуу аракеттенүү, белсенип киришүү. Өзүң жакшылап колго алсаң, бат эле адам болуп кетет күйөөң (Сыдыкбеков). Чарба төмөндөп кетти, колго албасак болбойт («Чалкан»). 2. Бирөөнү өз тарабына тартуу, өзүнүн айткан-дегенинен чыкпай тургандай кылып, аны менен мамиле түзүп, муютуп коюу, өз кишиси кылып алуу. Обулустта чоң кызматта иштеген тааныштарды колго алып, ...өзүңө жакын кедейлердин уулун кызматка көтөрүү максатын көздөдү (Каимов). Айтор, эртеңки күн өздөрү үчүн кандай болорун бүрүл баамдаган өкмөттүн жаш өкүлүн жакшылап колго алып коёлу деген ойдо Качыкенин ич койнуна киришти (Сыдыкбеков).