КОЛ ИЙРИСИНЕ ТАРТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдараак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү. Кол ийрисине тартып кетпес үчүн, текшерүүгө алып туруу керек («Кыргыз Туусу»). Сен ошол кедейлердин тобунун башчысы экениңен пайдаланып, кол ийрисине тартат кылып, өзүңө көбүрөөк алып койдуң (Эшмамбетов).